Эрте ойгонууга жардам берген 7 ыкма

Эрте ойгонууга жардам берген 7 ыкма
26-Июль 2017, Шаршемби

Азыр адамдардын көпчүлугү максатына жетүү, табышкер болуу үчүн мотивация издеп, түрдүү тренингдерге катышып келишет. Адистер муну менен катар адам күнүмдүк алган билим жакшыртышы керек дешет. Ошолордун бири-уйку режими. Уйкунун ден соолукка пайдалуу болушу үчүн эмне кылуу керектигин окуп көрүңүз.

Жашоодогу максат

Көпчүлүккө эрте ойгонуу жашоодогу максаттары менен кандай катышы бар деген ой келиши мүмкүн. Биринчиден, жашоодогу алдыга койгон максат адамга мотивация берет. экинчиден, максат-адамдын келечегине жасалуучу кадамды так, туура план курууга таасир тийгизет. Уйкуну да бир саат унута турууга себеп болот.

2. Кечки даярдык

Эртең менен эрте жеңил жана жайлуу ойгонгуңуз келсе, даярдыкты түндө баштоо керек. Түндө эртеңки күнгө план куруп коюңуз (кайда барарыңызды, эмне кылып, эмне иш кылаарыңызды ойлонуңуз). Андан кийин баардык электрондук түзмөктөрдү уктоого үч саат калганда өчүрүп койсоңуз, эрте уктоого эч нерсе жолтоо болбойт.

3. Өткөн күнгө эсеп бериңиз

Убакыт — учкан куш. Аны эч нерсе менен токтото албайсыз. Ошондуктан күндө жатаар маалда өзүңүздөн эсеп алыңыз. Күнү бою эмне иш кылганыңызды ойлонуңуз. Бүтпөй калган маанилүү иштериңиз боло, эрте ойгонууга себеп болот.

4. Окуңуз

Азыр мектептеги баладан улгайган адамга чейин өтө тыгыз убакыт графиги менен өмүр сүрүшөт. Китеп окууга убакыт жок. Эгер уктаар алдында электрондук түзмөктөрдүн бардыгы өчүрүлгөн болсо, китеп окууга аз дегенде 30 мүнөт убакыт бөлүңүз. Бир чети мээңиз эс алса, бир чети эрте ойгонууга өбөлгө түзөт.

5. Санаасыз уйку

Эгер сиз уктабасаңыз, кайсы убакытта ойгонгонуңуз маанилүү эмес. Сиз баари бир өзүңүздү чарчап тургандай сезесиз. Дени сак жана тынч уйку– сиздин ийгиликтүү күнүңүздүн негизи.

6. Жайлуу орун менен кийим

Сиздин бөлмөңүз менен жаткан жериңиз эрте турууңузга таасир берүүсү мүмкүн. Төшөгүңүздү терезенин жанына бетиңизге күн тийгендей койсоңуз, “аргасыздан” эрте ойгонууңузга туура келет. Ошондой эле, жатарда кийген кийимиңиздин да ыңгайлуу болуусу кажет.

7. Дени сак жашоо салтын кармануу

Уйкуга 6 саат калганда кофе менен спирт ичимдиктерин ичпеңиз. Жатар алдында тоё тамактанбаганыңыз оң. Көк чай же болбосо суу ичиңиз. Мындан тышкары, спорт менен уйкуга 3 саат калганда машыгыңыз. Денени машыктыргандан кийин уктоо кыйын болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!