Иш жумалыгынын максималдуу мөөнөтү белгилүү болду

Иш жумалыгынын максималдуу мөөнөтү белгилүү болду
10-02-2017

Австралия улуттук университетинин адистери иш жумалыгынын максималдуу узак мөөнөтү 39 сааттан ашпоосу керек деген тыянакка келишти. Алардын изилдөөсү Social Science & Medicine журналында жарыяланган.

Изилдөөдө 24төн 65 жашка чейинки 8 миң адамдын ден соолугу 39 сааттык иш жумалыгынан ашкандан кийин психологиялык көйгөйлөргө кабылаары маалым болду.

“Узак иш убактысы психикалык жана физикалык жактан адамды жабыркатып, аны менен бирге өзүнө кам көрүүгө жана жакшы тамактануусу үчүн убакыт жетпей калаары “ туурасында Хуон Динь белгилеп өттү.

Ал эми аялдар иш жумасына 34 саат убакыт коротуусу керектиги айтылат. Бул аз иш убактысын изилдөөчүлөр аялдардын үй-бүлөсүнө жана үй жумуштарына бөлүшү керектиги менен түшүндүрүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!