Туруп алып суу ичүүнүн зыяндары

Туруп алып суу ичүүнүн зыяндары
29-Авг. 2017, Шейшемби

Окумуштуулар туруп алып суу ичүүнүн адамдарга медициналык жактан зыян келтирерин билдиришти. Анда: «Адамдардын ашказандары дененин түзүлүшүнө карай ар түрдүү болот. Тагыраак айтканда, туруп турган кездеги жана отурган учурдагы ашказандын абалы эки түрдүү. Ашказандын кичинекей көңдөй бөлүгүнө туура келүүчү Вальдейер ашказан куушу деп аталган кууш болот. Суюк азыктар ушул жерден туруктуу ачык куушу бар ашказан жолунан чыгып, он эки эли ичегиге өтөт. Кыскача айтканда адамдардын туруп алып суу ичүүлөрү эч жерге таасир тийгизбестен, түз эле он эки эли ичегиге өтөт. Суу адамдар үчүн өтө маанилүү. Бул сууну туруп ичкенде суу ашказанга бирикпейт жана денеге пайдасы болбойт. Эгер адамдар сууну отуруп ичкенде, алгач ашказан биригип, кычкылдар менен аралашып, микробдор өлүп, кийин он эки эли ичегиге өтөт. Ошондуктан суу ичүү эрежесин аткаруу аркылуу адам холера оорусу менен кошо көптөгөн оорулардан сактанган болот. Адамдар көрүнгөн жерден суу алып, туруп алып ичип кете берсе кээ бир ооруларга чалдыгып калуулары ыктымал”,-дешет.

Туруп алып суу ичүүнүн медициналык жактан зыяндуу болуусу менен катар бул жөнүндө динибизде да айтылгандыгы маалым.

Баардык азыктардай эле чамасынан сырткары өлчөмдө, өтө ысык же өтө муздак болгон сууларды ичүүгө болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!