Кеч уктоонун зыяны

Кеч уктоонун зыяны
6-Сен. 2017, Шаршемби

Дем алыш күндөрү көпүлүгүбүз эркин болуп, түнү менен интернетте отуруп же болбосо китеп окуп кеч уктайбыз. Бул уйку режиминин бузулушуна алып келет. Кеч уктоо аркылуу сиз организмиңизге күч салып, түрлүү ооруларга чалдыгып калуу коркунучун күчөтөсүз. Ошондуктан, кеч кеч уктоонун зыяндуу жактарын биле жүрүңүз.

1. Өнөкөт чарчоо

Адамда калптуу уйку болбогондуктан убакыт өткөн сайын организмде ички стресс пайда болот. Натыйжасында, өнөкөт же созулмалуу чарчоо жана өзүн-өзү кайра мурдагы абалга келтире албоо маселеси жаралат.

2. Сулуулуктан айрылуу

Уйку сулуулукту сактоо үчүн эң натыйжалуу жана жеңил ыкмалардын бири. Себеби, уктап жаткан кезде тери клеткаларында регенерация жүрүп, системалар кайра калыбына келет.

3. Ашыкча салмак

Америкалык окумуштуулар убактылуу уктаган аялдар оорудан тез айыгарын далилдешкен. Организмдеги уйку жетишпестиги зат алмашууну начарлатат. Организмге уйку жетишпегендиктен ашыкча салмак кошуу процеси 2 эсе тез жүрөт.

4. Иммундук системанын алсыроосу

Баары ачык жана жөнөкөй: түндө организм калыбына келип, жаңыланат, ал иммундук системаны бекемдөөгө жардам берет. Түндө иммундук системанын активдештирилген клеткалары, күнү бою денеге кирген патогендүү микроорганизмди жок кылат. Уйкунун турактуу түрдөө болбоосу, организмдин тумоо жана курч респиратордук вирустуу инфекция менен ооруп калуу коркунучун 3 эсе артырат. Чоңдор дени сак болуусу үчүн 7-8 саат уктоолору кажет.

5. Картаю

Түнкү уйку кезинде, тери клеткалары калыбына келет, кан айлануу жакшырып, клеткадагы кычкылтекти, амин кычкылдары менен каныктырууга мүмкүндүк берет. Тери түсүн, тегиздигин табигый жол менен жакшыртат. Бирок, бул процесс 8 сааттан кем эмес уйку маалында жүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!