Узак өмүр сүргүңүз келсе...

Узак өмүр сүргүңүз келсе...
14-Сен. 2017, Бейшемби, 11:34

Америкалык окумуштуулар китеп кумар адамдардын башкаларга карганда узак өмүр сүрүшөөрүн аныкташкан. Узак жылдарга созулган изилдөөнүн натыйжасы көп окуган адамдар китеп окубагандарга карганда, орточо эсеп менен алганда эки жылга көбүрөөк өмүр сүрүшөөрүн аныкташкан.Бул жаңылыкты АКШдагы беделдүү окуу орундарынын бири Йель университетинин кызматкерлери билдиришкен.

Маалыматка ылайык, адабиятка деген кызыгуу адамды руханий жактан гана байытып койбой, анын өмүрүн да узарта алат. Тажрыйба иштерине 50 жаш чамасындагы 3500 адам катышкан. Окумуштуулар аларды китеп окууга убакыт бөлүүсүнө карай үч топко бөлүп, 12 жыл байкоо жүргүзүшкөн. Натыйжасында китепти көп окуган адамдар ден соолугу жакшырып, өлүмдүн деңгээли 23 пайызга төмөн болуп чыкканы байкалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!