Ыйлаган да пайдалуу

Ыйлаган да пайдалуу
18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 10:53

Күлкү ден соолуктун мүлкү деп айтып жүрөбүз. Бирок, ыйлоо да ден соолукка пайдалуу экенин билет белеңиз?

Адамдардын күлүү эмоциясына караганда ыйлоо эмоциясы эрте пайда болот. тагыраак айтканда, адам баласы төрөлгөндөн эле бир нерсе жетишпей жаткансып ыйлап төрөлөт. Ал эми көз жаш чыгарып ыйлоосу 5-12 жумадан кийин пайда болт деп айтылат. жаш балдар чоң адамдарга караганда көп ыйлоосунун себеби эмоцияларын башкара албоосунда дешет. 12 жашка чейин эркек болобу, кыз болобу баары эле бирдей ыйлашат. Андан кийин балдарга салыштырмалуу кыздар көбүрөөк ыйлаак келишет.

Аялдар максатына жетүү үчүн көз жашты курал катары колдонгонунан эмес, алардын организиминде гормондордун алмашуусу эркектердикине караганда батыраак болгондуктан, ыйлоосу да аларга караганда көбүрөөк болот. Адам кайгы-капасын ый менен чыгарганда өзүн жакшы сезип калат. Бирок, ар дайым эле тынымсыз ыйлоо менен айлана-чөйрөбүздөгү жакындарыбыза терс таасирин тийгизип коюшубуз ыктымал. Айымдар көбүрөөк ыйлагандыктан ичиндеги бугун чыгарып алышат. Ушул себептен улам (статистикалык маалымат көрсөткөндөй) аялдар эркектерге караганда көп жашашат.

Эркектер жаралышынан эле катуу болгондуктан, ошондой эле аларды жашынан эркек балага ыйлаган болбойт деп чыдамкай болууга тарбиялашат. Ошондуктан алар стресстерин ичине сактап жүрүп, жүрөк жана башка ооруларга аялдарга караганда көп кабылышат. Көп ыйлоодо ар түрдүү инфекциялык ооруларга туруктуу болуу менен эле бирге адамдын мээримдүүлүк сезимин да арттырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!