Унутпайын десеңиз…

Унутпайын десеңиз…
18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 11:19

Эске сактоо бекем болсун үчүн убакытты туура пайдаланыңыз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй улгайган адамдардын эске тутуусу эртең менен жакшы иштейт, ал эми жаштар түшкө жуук жакшы кабылдашат.

Болуп өткөн окуяларды жазып жүрүүнү унутпаңыз. Маанилүү нерселерди унутам деп корксоңуз, күндөлүк уюштуруп жаза жүрүңүз.

Эске тутууну бекемдөөчү тамак-ашты көбүрөөк жеген жакшы.

Интеллектуалдуу жумуш иштегенге аракет кылыңыз. Окумуштуулардын айтымында, кимдин иши жогорку акыл-эсти пайдаланганга байланыштуу болсо, ал адам мээсин иштетүү менен эске сактоосун ого бетер бекемдейт.

Акыдуу адамдар менен көп сүйлөшүңүз.

Музыканын мукамдуу кайрыктарын укканга аракет кылыңыз. Психологдор белгилегендей «Моцарт эффекти» эске тутууну жогорулатат.

Денеңизди машыктыруу менен акыл-эсти да машыктырыңыз. Ар кандай көнүгүүлөр денени гана чыңдабастан, эске сактоого да пайда келтирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!