Жумушта ушак айтуу

Жумушта ушак айтуу
3-Окт. 2017, Шейшемби, 12:07

“HeadHunter” изилдөө борбору жакынкы убактагы жасаган сурамжылоосунда адамдардын жумуш иштөөсүнө тоскоолдук жаратуучу факторларду аныктады. Натыйжасында кызматкерлердин 39 пайызы башка коллегаларынын ушак аңгемелеринен улам жакшы иштей албай жаткандыгын маалымдашкан. Ошондой эле, бүтпөгөн өтүнүч-тилектер менен капыстан чыга берген жыйналыштар да терс таасир этээри аныкталды.

Жемиштүү жумуштун аягынан чалган аракеттердин катарында телефон коңуроолор менен каттуу чыккан күлкүлөр, үй-бүлө, бала-чака же болбосо жеке маселелер да кирет. Башка адамдар Интернеттин жакшы кармабагандыгын, дүйнөлүк желелердин алаксытып жаткандыгын да айтышкан.

Андан сырткары кеңседеги оңдоо иштери, жыттар менен кесиптештердин маанайы да бар. Бир кызыгы, кызматкерлердин 40 пайызы ушу тоскоолдуктарга көнүп калышкан экен жана маани бербөөгө тырышат өңдүү. 12 пайызы бул тоскоолдуктар жумуштан бир саамга баш көтөруп, бойду жазып, сергип алууга жол берет деп ыраазы болгондор да кездешкен. Калган 40 пайызы жумуш маалында айтылган ушактан, телефон коңгуроосунан, чарчагандыгын, кутулгусу келээрин айтып, нааразыланышат. Анткени, көп адамдар көңүл бөлүнөрүн, жарым саат жумушка киришип, кайрадан ишти баштоо кыйынга турарын айтышкан. 54 пайыз эмгек жааматы ушул тоскоолдуктар болбосо, жумушту эки эсе жакшы аткара тургандыктарына ишенет.

Ошондуктан, жумуш убактысында кесиптештерге зыяным тийбесин десеңиз, ашыкча аракеттерден оолак болуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!