Узак жашоонунун он жолу

Узак жашоонунун он жолу
18-Окт. 2017, Шаршемби, 11:32

1. Кызылчаны жегенди унутпаңыз. Бул «сырдуу» өсүмдүк кан басымы жогору адамдарга өтө пайдалуу. Себеби, жүрөк кан тамыр, гипертония жана инфаркт ооруларына «каршы» эң мыкты жемиш болуп эсептелинет.

2. Телевизорду аз тиктеңиз. Социологдор адам өмүрүнүн 10-15 жылын телевизорду көрүп өткөрөт деген жыйынтыкка келишкен.

Адистер сиздерге мындан пайдалуу жумуштар менен алек болуунузду сунуштайт. Мисалы, кечинде фильмди коё туруп, чуркап келсеңиз болот.

3. Момпосуйду чектеңиз. Сингапур университетинин окумуштуулары кызыктуу изилдөө жасашкан. Анда дүкөндөн алып жаткан шоколад менен оролгон момпосуй дагы бир керексиз буюмду алганга мажбур кылат делет. Анткени, момпосуйдун жыты мээбиздеги белгилүү бир бөлүктү активдештирип жиберет.

4. Колдоо көрсөтүп кучакташыңыз. Түндүк Каролина университетинин изилдөөсү боюнча, адамдар чын жүрөгүнөн кучакташкан учурда кан басым төмөндөп, стресс гормонунун деңгээли заматта азаят. Мындай шартты жаратууга 20 секунд жетиштүү.

5. Тузду аз жеңиз. Адамзат күнүнө орточо эсеп менен 9,5 гр. туз жейт. Бирок жылдан жылга көбөйгөн туздун салмагы кан басымын жогорулатат.

6. Күн тийген учурда сейилдеңиз. Табияттын энергиясы менен бөлүшөйүн десеңиз, күн жаркырап турганда көчөгө чыгыңыз. Күн нурлары териге тийгенде, организмде В витамини пайда болот. Бул жагдай сизди депрессия жана рактын кээ бир түрлөрүнөн сактайт.

7. Мөмө-жемишти да эстен чыгарбаңыз. "ЕР1С" деген Европанын уюму күнүнө үлүштөн ашыкча дагы мөмө-жемиш жегенди сунуштайт. Муну менен бирге эрте өлүм жана башка оорулардан 20 пайызга жеңилдейсиз.

8. Өмүрдү узартуунун негизги принциптери. Жашооңуз дагы 14 жылга узарсын десеңиз, болгону 4 шартты аткарыңыз.

Алар:

Тамеки тартпаңыз, убагында көнүгүү жасаңыз, ичимдикти ченеп жана күнүнө еш үлүштөн мөмө-жемиш жегенге аракет кылыңыз.

Эгер бирөөсүн эле аткара турган болсоңуз, биз сизге тамекини таштоого кеңеш берээр элек. Себеби, жөнөкөй чылым окумуштууладын айтуусу боюнча өмүрүңүздү 5 жылга кыскартат.

9. Көп басыңыз. Салмакты ар дайым бир калыпта алып жүрүү үчүн мурда адистер күнүнө 10 миң кадам басууну сунуштаган.

Азыркы учурдун адистери 40 жаштагы аял менен 50 жаштагы эркекке күнүнө 12 миң кадам таштоону сунушташат.

10. Күлкү - эң мыкты дары. Изилдөөлөрге таянсак, оптимисттер жүрөк кан тамыр оорулары менен башкаларга караганда аз оорушат экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!