Байлыкпы же бакытпы?

Байлыкпы же бакытпы?
20-Окт. 2017, Жума, 12:29

Ооба байлыктан көрө бактылуу болгон жакшы дегендер да бар. Ошентсе да бактылуу өмүр сүрүү ар кимдин ак ниет калоосу. Чөнтөктүүлөрдүн катарына кошулуу ар кимдин колунан келе бербейт. Бирок маани берчү бир сыр бар.

Бир жолу чабанга «Сени падыша кылсак эмне кыласың» деп сураса «Койду жылкыга минип алып багат болчумун» дептир. Кандай гана болбосун бул маселени жөн гана тамаша катары кабылдоо аздык кылат. Кедейликте өмүр сүргөндөрдүн көбү тагдырдын тар жолу менен жүрүүнү туура чечим деп кабыл алгандай көрүнөт. Алардын оюу боюнча канча аракет кылсак да колдон келер дарман жок.

Айта көрбөңуз! Эгер адам өз өмүрүндөгү окуяларга үчүнчү жактагы көрүүчү ирээтинде караса, ушул жагдай болору шексиз. Керек болсо күрөшүүгө активдүү түрдө чыксаңыз да, кыйынчылык менен ийгиликсиздик учурга кезиккен сайын артка кайтуу тууралуу ой келе баштайт. Ошону менен эң жакшысы гана бул сынактан үстөмдүк кыла алат. Бай болуу үчүн кандайдыр бир аракеттерге барсаңыз, бирөө сизге тиешелүүнү алып албай тургандыгын билиңиз.

Бирөөлөр байыш үчүн акча топтоочу идишке тыйын жыйноодон баштайт. Бул ыкма жогоруда мисал келтирген чабандын иши. Дагы бир кайталап кетүүчү жагдай, аракетке баруу алдында кедей адам кыйындыктарды гана ойлоп, коркуп турат. Мунун катачылык экенин «Ой чындыкка айланат» («Мысли материализируются») деген аксиома далилдеп турат.

Ал эми «көп сөз – көмүр», "акыл айтуу оңой", андан көрө бактылуулардын дүйнө таанымын изилдесек. «Бир гана кеңешти эстен чыгарбаңыздар: Азыр жумуш жасаган эмес, өзүңүз жумуш жасагыңыз келген кызматка шай киришүү керек».

Дональд Трамп «Эгер кыйын жумуш болсо, мен аны жалкоо адамга тапшырамын. Ал бары бир бул жумуштун оңой чечимин таап алат».

Уолтер Крайслер «Тырыша берүү керек, чыдамкайлык менен тырышуу керек. Бул шыктуулуктан да жакшы касиет. Жолу болбогон шыктуулар жетиштүү. Бул билимдүү болуудан да жакшы касиет. Бул дүйнөдө билимдүү кедейлер көп”.

Рей Крок «Жогоруда тургандар жерге асмандан түшкөн жок!»

М.Уошлинг «Туугандардан бир гана жардам бар, ал сага тоскоолдук келтирбөө. Алар сени өзгөлөр сыяктуу окуп, жумуш иштегениңди каалашат. Кандайдыр бир ишти баштаганда, натыйжасын жокко чыгарып, моюндай алышпайт».

Белгисиз автор «Ар бир адамда кол, бут жана жумасына 168 саатты бар”. Жолу болбогон адамдар 168 сааттын жоготот. Ал эми ийгиликтүү адамдар 168 миллион акча таба алат».

Нельсон Мандела «Кимде-ким өндүрүшүн жаңыдан баштап, эми гана ишке киришсе, ага чыгынгандыгы (жигиттиги) үчүн медаль берүү керек».

Владимир Путин «Ийгиликсиздик – бул ишиңди кайрадан, бирок жакшылап жасоого мүмкүндүк берет».

Генри Форд «Жигит өмүрүндө туура багыт табуу керек, ал эми кыз туура багыт тандаган жигит табуу керек».

Белгисиз автор «Катачылыгыңды моюнга албай жатсаң, бул сенин экинчи катачылыгың”.

Кытай акылманы «Өмүр тек мыктыларды гана сынап, тизелетет. Себеби алар кайра тура алышат. Ал эми алсыздар ансыз да тизелеп турушат».

Белгисиз автор «Акча – бакыттан көрө, материалдык боштондук алып келет».

Роман Абрамович «Кол жетпеген максат болбойт. Тек шылтоолор менен жалкоолук азырынча жеңип келет».

Белгисиз автор «Өз ишиңдин натыйжасын бирден көргүсү келгендер өтүкчү болушсун”.

Альберт Эйнштейн «Күнү бою жумуш иштеген адамдын акча табууга убакыты да жок».

Жон Рокфеллер «Сиз интернетте болбосоңуз, бизнесте да болбогонуңуз».

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!