Тез укташ үчүн...

Тез укташ үчүн...
23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:33

Адам башы жаздыкка тийгенден 30 мүнөттөн кийин уктап кетүүсү керек экен. Кээ бир адамдар түндө ары-бери кыймылдап узак убакыт бою уктай албай кыйналышат. Бул да өз алдынча бир дарт сыяктуу.

Мындай учурда эмне кылуу керек? Бул жөнөкөй техника 4-7-8 деп аталат. Өзүңүзгө ыңгайлуу багытта жатыңыз. 4 секунд бою мурун менен дем алыңыз. Демиңизди 7 секунд кармап туруңуз. Ооз менен 8 секунд аралыгында дем алыңыз. Дал ушул көнүгүүнү уктап калганча кайталаңыз.

Гарвард университетинин дарыгери Эндрю Вайль сабактардын биринде бул көнүгүү тууралуу жана тез уктап кетүүгө арналган эң пайдалуу ыкмалар жөнүндө айткан. Чындыгында, бул респираторлук система табигый тынчтандыруу болуп саналат.

Ушундай циклдик ыргакта дем алуу нерв системасын тынчтандырат. Бул эзелки ыкманы индиялык йогалар эң жакшы жагдайга жетүү үчүн медитацияда колдонушкан. Эгер 4-7-8 системасында тынчтанган болсоңуз, убакыт өткөн сайын жеңил боло баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!