Эсти чыңдоо үчүн

Эсти чыңдоо үчүн
13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:09

Унутчаак болбош үчүн мээ ар дайым иштеп туруусу керек. Ал үчүн интеллектуалдык оюндарды ойноп, китеп окуп, кроссворд, саканворддорду табуу пайдалуу. Андан сырткары оюнду, жасаган жумушту алмаштырып туруу физикалык ден соолукту гана эмес, акыл-эсти да чыңдайт. Андыктан бир ишти жасап тажаганда бир азга болсо да башка жумуш менен алектениңиз.

Япон окумуштуулары ак күрүчкө караганда күрөң күрүч бир топ калориялуу деп таап, акыл-эсти өстүрүүгө керек болгон витаминдерге бай экенин айтышкан.

Мээнин жакшы иштешине жана унутчаактыктан арылтууга жардамы бар күрөң күрүч Альцгеймер (эсин билбей калуу, карыганда алжып калуу) оорусунан сактайт. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө бул ооруга 18 млн. адам чалдыкса, бул 2025-жылы 34 миллионго жетиши ыктымал дешкен окумуштуулар. Бул оору менен ооругандардын 71 пайызы өнүккөн өлкөлөрдө кездешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!