Роберт Кийосакиден пайдалуу кеңештер

Роберт Кийосакиден пайдалуу кеңештер
29-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:37

Роберт Тору Кийосаки – америкалык бизнесмен, инвестор, жазуучу жана мугалим. Көбүнчө өзүнүн атактуу «Бай ата кедей ата» аттуу китабинин аркасында таанымал болду. 26 млн тираж менен сатылган 15 китептин автору болуп саналат. Финансалык долбоор негиздерин үйрөтүүчү «Акча агымы 101», кийинчерээк «Акча агымы 202» аттуу адистик методикаларын ойлоп таап, жазган.

1) Мектептер ишенимдүү жумушчуларды даярдады, жумуш берүүчүлөрдү эмес.

2) Актив — табыш алып келет, пассив — сени кедей кылат.

3) Акча — бийликтин бир түрү, бирок каржы андан да кудреттүү күч.

4) Акылдуу адам өзүнөн да акылдуу адамды жалдайт.

5) Сен мени жылытсаң, мен сага отун саламын. (Катуу сукта мештин алдында отурган адам)

6) Кедей менен карыз болгон адамдын айырмачылыгы бар, экинчиси убакытча болсо, биринчиси өмүр бою.

7) Менин эки атам өкмөткө салыкты өз убакытысында төлөп турган, бири аны берилген убакыттын башында аткарса, ал эми экинчиси аягында аткарган.

8) Сын адамды жакшы болууга түртөт, ал эми талдоо тескерисинче адамдын көзүн ачат.

9) Бир жолу да кулабай, наристе басканды үйрөнбөйт, себеби биз басканды жыгылып-кулап үйрөнөбүз. Бизнестин жолу да ушундай. Эмнеге коомдун көп бөлүгү убактылуу адамдардан турбайт, себеби алар жеңилүүдөн коркушат. Ал эми жеңиш чокусунан көрүнгөндөр жеңилүүнүн даамын да таткандар. Ийгиликсиздик ал жетиштикке жетүүнүн бир бөлүгү. Ийгиликсиздикке жологусу келбеген адамдар жетиштикке жа жете албайт.

10) Үлгүлүү окуу, андан кийин беделдүү компанияда жумуш иштей аласың (Кедей ата),

11) Үлгүлүү окуу, андан кийин беделдүү компанияны сатып ала аласың (Бай ата).

12) Акчага деген кумарлык — болгон зордук-зомбулуктун тамыры (Кедей ата),

13) Болгон зордук-зомбулуктун тамыры — акчанын жетишсиздиги (Бай ата).

14) Эң мыкты унаа жана чоң кабаттуу үй сенин дагы житиштүү бай же болбосо акча табуу жагынан мыкты экениңизди билдирбейт.

15) «Мени акча кызыктырбайт» же болбосо "аңгеме акчада эмес" деп кедей атам айтчу, ал эми бай атам «Акча — бул бийлик» — деп өз оюнан кайтпачу.

16) Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт.

17) Угуу сүйлөгөндөн маанилүү. Эгер бул чындык болбогондо биздин эки кулагыбыз менен бир оозубуз болбойт эле. Көптөгөн адамдар жаңы ойлор менен мүмкүндүктөрдү угуп, андан соң пайдасына ашыруунун ордуна оозу менен ойлоп, жакалаша берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!