Жүрөктөгү сырды жашыра билиңиз!

Жүрөктөгү сырды жашыра билиңиз!
2-Дек. 2017, Ишемби, 15:03

Элге жасаган жакшылыгым кайтпады деп кээде муңайып калган маалдар болот. Кээде жасаган алгылыктуу иштерибиз үчүн өзүбүзгө айып таккан учурлар да бар. Айланабыздагы адамдарды түшүнбөй жетишпейбиз. Кызганыч менен кек көкүрөгүбүздү ээлеп алат. Ал эми ушулардын себеби эмнеде? Бул суроонун жообун төмөндөгү аңгемеден биле аласыздар.

Күндердүн биринде сулуу бойжеткен кыз акылман карыяга ыйлап келет. Көзүнөн мөлтүлдөп жаш агып: «Колунан келген жардамымды эч кимден да аябаймын. Ар дайым жакшылык жасоого тырышамын. Жүрөгүмдөгү болгон жылуулугумду жакындарыма тартууласам да, анын ордуна ачуу мыскыл менен оңтойсуз сөздөрдү угамын. Алар мени менен ачык түрдө душмандашат. Эч бир күнөм жок. Мага эмне кылуу керек? Кеңеш бериңизчи», - деп сурайт.

Ошондо карыя жылмайып туруп: «Үстүңдөгү кийимиңди чечип, жылаңач шаарды аралап чык», - дейт.

Таң калган кыз: «Сиз эмне деп жатасыз? Мындай жүрө турган болсом, менин ар-уятыма шек келет эмеспи? Ал эми улуулар бул ишимди кечиришпейт», - деп кыйкырып жиберет. Ошол кезде акылман карыя эшикти ачып, үстөлдүн үстүнө күзгү коёт.

- Кызым, эми түшүндүңбү? Сен адамдардын алдында кийимсиз жүрүүдөн уяласың. Бирок, жан-дүйнөңдөгү сырды жашырбайсың. Ал кудду бул эшие сыяктуу аландай ачык турат. Ошол себептен каалаган адам жан дүйнөңө уруксатсыз кирип чыгат.

Адамдар өзүн жакшы адамдарды жамандоо аркылуу жогорулаткысы келет. Ушундай заманда мээримдүү жүрөгүн сактай билген жандардын бар кенин моюндоого ар кимдин эрки барбайт. – Ошондо мен эмне кылам?

Кария: - Жүрү, кыз мен сага бакчамды көрсөтөйүн. Бул гүлдөрдү көп жылдан бери сугарып, күтүп келем. Алардын ар кайсысынын жытын ырахаттанып жыттап, көркүнө тамшасам да, чанактарынын кандай жаралганын көрбөпмүн. Сен да ушул гүлдөрдөн үлгү ал. Адамдардын алдында жүрөгүңдөгү сырды шашпай чыгар. Өзүңө жаман мүнөз тааныткан адамдардан алыс жүр. Аларга эч качан өзүң биринчи болуп жардам бербе. Жаман адамдарды эшиктин арт жагында калтыруубуз керек”, - деп акылмат айтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!