Күндү бир стакан лимон суусунан баштаңыз

Күндү бир стакан лимон суусунан баштаңыз
6-Март 2017, Дүйшөмбү

Бул жөнөкөй суусундук организмди жакшы тазалайт жана нымдаштырат. Ошондой эле, керектүү витаминдер менен камсыздайт жана энергияга толтурат.

Гастроэнтрологдор эртең менен күндү ачкарын лимон кошулган бир стакан суу ичүү менен баштоонун 7 негизги себебин билдиришти:

Бул дартка даба болчу сууну даярдоо үчүн 2 гана мүнөт керектелет.

1. Иммунитетти бекемдейт. Лимон С витаминине жана калийге бай келет. Ал мээни жана нерв системасына стимул берип, кан басымды контролдойт.

2. Лимон өттүн иштеше өбөлгө түзүп, анын негизинде тамак сиңирүү процессин жакшыртат. Лимон кислотасы организмдин кыжылдашына алып келбейт, себеби:

3. Арыктоодо жардам берет. Ломон ширесинин курамында пектин бар. Ал организмдин ачка кылбай, ток кармайт. Белгилүү болгондой щелочтуу диета кармаган адамдар тезирээк арыкташат.

4. Лимон ширеси тамак-ашты сиңирүүдө жардам берет. Жылуу суу ичеги-карындын жакшы иштөөсүнө өбөлгө түзөт.

5. Бул суусундук заара чыгаруучу жолду тазалайт жана тездетет. Бул заара чыгуучу каналдарга зыян алып келбей организмдин тазаланышын шарттайт.

6. Бет терисин тазалайт. Андан сырткары, С витамини бырыштын түшүшүн алдын алып, беттеги тактар жоголоорун байкоого болот. Себеби ал кандагы токсиндерден арылтат.

7. Бир стакан суу- бул организмдин кургашын алдын алуу, күн эртеден тартып система туура иштей баштайт. Биринчи кезекте - бөйрөк үстүндөгү бездер, себеби алар гормон бөлүп чыгарат. Организм стресске даяр туруп, күнү бою жакшы иш алып барат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!