Эс алуудан кийин кантип ишке киришсе болот?

Эс алуудан кийин кантип ишке киришсе болот?
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:23

Жылуу өлкөлөрдөгү эс алуу күндөрү же болбосо сүйүктүү оливье салаты артта калды. Ал эми жумушка баруу деген ниет пайда болбой жатабы? Өз милдеттерибизди кайрадан колго алып, улантууга кантип өзүбүздү шыктандыра алабыз?

Мадридтеги Комплутенс университетинин психология факультетинин изилдөөчүлөрү адамдар эс алуудан кийин ачууланып, депрессияга бат берилишээрин аныкташкан. Мындан сырткары, жумуштан арыз жазып кеткендердин көпчүлүгү эс алуудан кийин мындай чечимге келишет экен.

Эртерээк кайтып келиңиз

Бул эреже майрам күндөрү чет өлкөгө эс алууга кеткендер үчүн арналат. Психологдор адаттагы жагдайга кайтып келүү үчүн бир нече күн мурун кайрылып келүүгө кеңеш беришет. Бир күнүңүздү эс алып, жакшылап уктап жана чемоданыңызды иреттөөгө жумшасаңыз, экинчи күндү-шаардын четине чыгып сейилдеп келүүгө кеңеш беришет. Бирок үйдө экениңизди сезүү үчүн бир гана күн жетиштүү.

Учактан же жол жүрүп келе калып жумушка киришип кетүүгө сунуш берилбейт. Биринчиден, физикалык жактан чарчаңкы болосуз. Экинчиден, сизден эч кандай жардам болбойт, себеби сиз дагы деле көл жээгинде кумда жатканыңызды элестетүү менен күнүңүз өтөт.

Эс алуу күндөрү жумуш иштеңиз

Бул ыкма бир аз таң калыштуу угулат. Бирок ишке ашчу ыкмалардын бири. Эгерде жумушка элден биринчи же эс алуу күндөрү келип иштеп өзүңуздү көндүрсөңүз, организмиңиз жумуш калпына келтирүүгө көп мүмкүндүк пайда болот.

Биринчи «жумуш күнү» 10-12 саатка созулбашы керек, өзүңүздү чектеңиз.

Жакшы нерселерди ойлонуңуз

Жумушка бара жатып жолдон ишке байланыштуу баардык жакшы нерселерди эстеңиз. Эгер эч нерсе эске келбесе анда жумушуңуз аркылуу сиз акча таап, өзүңүздү камсыздап келесиз.

Маанилүү! Жумушка бара жатып эс алуудагы сүрөттөрдү карабаңыз ал сизди жумушка деген шыктанууңузду кайтарат.

Жетиштүү эс алгыла!

Биринчи күн оңой болбойт. Андыктан үзүлүш жасап туруу кажет. Эн жакшысы- ар бир жарым саата 10 мүнөт эс алып туруңузга болот. Эгерде ага убакыт жок болсо- бир аз болсо да танапис жарыялаңыз.

Бул убакытты өзүңүзгө арнаңыз. Кесиптештер менен ушакташканга же ыкчам маселелерди тактоо үчүн эмес, жөн гана кеңсени айланып басып келүүгө. Бирок, иш жүзүндө эреже, тилекке каршы, дайыма эле жардам бере бербейт.

Мисалы, сиз абдан тез иштегенге көнүп калган болсоңуз, ал тургай кечке компьютердин алдынан жылбай отурган жериңизден тамактанасыз. Бул учурда өзгөрүү киргизип жок дегенде ашканага чейин басып барыңыз.


Социалдык тармактарга кирүүдөн чектөө жасаңыз

"Кандай эс алдыңыз?", "Жаңы-жылды кайдан тостуңуз?", "Эми качан эс алууга чыгасыз?" — ушул сыяктуу суроолорду достордон жана кесиптештерден аласыз. Ал эми алар сиздин иштөөңүзгө жолтоо болот.

Ошондуктан, жумушка тийешеси жок баардык социалдык желелерди жана тиркемелерди экинчи күнгө же кечке чейин жылдыра туруңуз.

Максат коюңуз

“Эс алсам мен буларды жасайм. Ал үчүн көп деле убакыт калган жок». Максат коюңуз, анда сиз дем алышта кайсы жактарга барууну каалайсыз ошону пландап туруңуз. Кандай гана жагдай болбосун максат коё билиңиз. Муну менен ар бир дем алыштан келген күн майрамга айланып-жеңил жана жагымдуу өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!