Муздак суунун зыяны

Муздак суунун зыяны
10-Март 2017, Жума

Жай мезгили жакындаган сайын көпчүлүгүбүз аптаптуу ысык күндө муздак, тонгон сууну муздаткычтан чыгарып иче баштайбыз. Суунун пайдалуулугун жана организм ар дайым муктаж болгон азыктардын бири экенин баардыгыбыз билебиз. Бирок ошол эле убакта муздак суу организмге зыян да алып келет, өзгөчө арыктайм деген адамдар үчүн.

1969-жылдары советтик рентгологдор күтүүсүз жерден муздак суу туурасында ачылыш жасашкан. Анын жардамы менен дүйнөгө белгилүү фасфуд даярдаган ишкерлер байып жатып калышкан. Ал эми рентгенологдор курсактагы “барий буламыгын”(бариевой каша) бир канча убакытка кармап калуу максатында ойлоп табышкан.

Кийинчерээк белгилүү болгондой муздак, буламык адистер аппаратын жандырганча эле сиңип жок болуп кеткен. Бул факт менен кызыккан окумуштуулар көптөгөн изилдөөлөрдү жасашкан. Изилдөөлөр көрсөткөндөй тамак-ашты муздак суу (тонгон суу же газдалган суу музу) менен ичсе тамактын курсакта болуу убактысы 4-5 сааттан 20 мүнөткө чейин кыскарган.

Башкача айтканда тамакты муздак суу менен ичсе, ал бат эле сиңип жок болуп кетет. Бирок андагы белок ичеги-карында калып калат. Мындан улам ичеги карын сезгенип жана дисбактериоз оорусу келип чыгат. Ошону менен бирге семирип кетүү коркунучуна алып келет. Себеби тамакка эч качан тойбой, ашказандын нормалдуу иштөө процессине кедергисин тийгизет.“Макдоналдс” өз бизнесин ушунун натыйжасында кургандыгы белгилүү. Адам тамактанып жатканда (сэндвич, гамбургер, чизбургер) муздак суу менен ичсе тойбой калып, кардар кайрадан кайтып келип сатып алат.

Ошондой эле баардыгыбызга белгилүү мифтердин бири бул муздак суу суусаганды жоёт деген. Бирок физиологдор башкача ойду карманышат. Алар муздак суу организмге көп убакытта көнөөрүн белгилешет. Себеби ал курсакка киргенде дене температурасынын деңгээлине чейин ысып чыгышы керек.

Ошондуктан тамактанаардын алдында, тамактанып бүткөндөн кийин муздак сууну ичпөө керектигин эскертебиз. Баардык ичип жаткан суусундуктар бөлмө температурасында болуусу керек. Бул балмуздактарга да тийиштүү. Эгер аны тамактангандан кийин муздак бойдон жесеңиз тамак бат жок болуп, ал эми белоктуу курам сиңбей калып калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!