Тил үйрөнгөндө мээбизде кандай өзгөрүүлөр жүрөт?

Тил үйрөнгөндө мээбизде кандай өзгөрүүлөр жүрөт?
26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 09:46

Азыркы күндө чет тилин үйрөнүү маанилүү факторлордун бири. Жумуштада жана күнүмдүк турмушта чет тилин үйрөнүү – ар бир адам үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүчү тармактардын бири. Мындан сырткары, тил үйрөнүү мээ үчүн дагы пайдалуу экендиги белгилүү болду. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаңы тилди үйрөнүү жашка карабастан, мээнин түзүлүшү жана функционалдык желелерди өзгөртөт.

Пенсильвания университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө тил үйрөнүү мээнин бөлүктөрүнүн арасындагы карым-катнашты камсыз кылган желелердин күчтүү иштетерин аныкташкан. Спорт сыяктуу үйрөнгөн ар бир жаңы нерсе мээбизди күчтөндүрөт. Канчалык көп биз мээнин белгилүү бөлүгүн иштетсек, бул аймактардын бири-бири менен болгон байланышы да ошончолук ийгиликтүү болот.


Пенсильвания университетинин изилдөөчүлөр тобу англис тилин билген ар кыл жаштагы 39 ыктыярчыны чогултушкан. Алар кытай тилин үйрөнгөн маалда мээнин иштөө процессине байкоо жүргүзүшкөн. Изилдөө иштери 6 жума бою жүргүзүлгөн. Изилдөө башталганга чейин жана изилдөө бүткөндөн кийин эки жолу МРТ жасалган.Натыйжада мээнин физикалык абалын салыштырган кезде өзгөрүүлөр болгону байкалган.

Сабакка катышкан топ мүчөлөрүнүн мээсинин курулушу ар түрдүү болгону аныкталган. Биринчиден, мээ желелери жакшы интеграцияланган; бул ийкемдүү, ылдам жана натыйжалуу окууну билдирет.

Изилдөөчүлөр окутуу учурунда мээнин өзгөчө бөлүктөрүнүн арасындагы байланыштардын күчү менен багытын талдашты. Эки бөлүктүн ортосундагы байланыштар канчалык күчтүү болсо, ошончолук алар бир туташ желеде ылдам жана натыйжалуу жумуш иштей алат.

“Чет тилин үйрөнүү мээнин жай картаюсуна алып келет”,- дейт психология, лингвистика жана маалыматтык технологиялар боюнча профессоры Пинг Ли.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!