Жаздагы алсыздык жана аны жеңүүнүн жолдору

Жаздагы алсыздык жана аны жеңүүнүн жолдору
15-Март 2018, Бейшемби, 13:50

Жазында көпчүлүк адамдар алсыздык сезишээри маалым. Ошондуктан бул айларда организмди бир аз эркелетип турган жакшы. Ал үчүн эмне кылуу керек десеңиз?

Күн сайын эртең мененки чайдын ордуна кайнаган жылуу сууга бир аш кашык бал кошуп ичсеңиз пайдалуу. Үстүнө жарым лимон ширесин сыгып, кошсоңуз да болот. Ал клеткалардын жаңылануусу менен жашаруусуна жардам берет жана ошондой эле жазындагы витаминдин жетишпестигине каршы да натыйжалуу пайда берет. Бир күн бою өзүнүздү сергек сезип, энергияңыз жетип турат.

Күндө сабиз ширесин ичүү, кечке бир дана чийки сабиз жеп алсаңз ал организмди А витамини менен камсыз кылат. Канды ашыкча зыяндуу заттардан тазалап, боордун иштөөсүн жакшыртат.

Кышында кысылган организмди витамин менен камсыз кылуунун жолу дары ичүү, ийне сайдыруу эмес, табигый азыктар менен тамактануу. Мисалы, кызылча салатын жасап, ага бир аз зайтун майын аралаштырып жесеңиз болот. Жержаңгак майы да тез сиңирилет жана ден соолукка жакшы таасир берет.

Жазгы алсыздыкты болтурбоо үчүн өгөй чөп (мать и мачеха), крапива менен каакымдын (одуванчик) жаңы чыккан жалбырактарын алып 1 литр сууга кайнатып, аны күнүнө жарым стакандан ичип туруңуз. Бир күндүк витамин менен микроэлементтердин ордун толтурат. Бул С витамини, кальций, темир, фосфорго бай суусундук. Эгер андан кычкыл же болбосо ачуу даам чыкса, кайнатардан мурда 30 мүнөт тузду сууга салып коюу керек.

Ар күн сайын карагай кылканы (хвоя), валерина, дүлөй чалкан (пустырник) жалбырактарынын кайнатмасы кошулган ваннага түшсө терин жазында түлөп, кургап кетүүсүнө жол бербейт. Ал нервди тынчтандырып, жакшы уктоого жардам берет. Ал эми тынч уйку эртеңки күндүн башталышына жол ачат.

Таза абада сейилдеп жүргөндө бир калптуу, терең дем алып машыгыңыз. Мурун менен дем алуу керек, бирок энтигүүгө жол бербеңиз. Ал дем алуу жолдорунун жумушун жакшыртып, өпкөгө көбүрөөк таза аба барат. Ал эми таза аба аркылуу өзүңүз сыяктуу өпкө да сергип калат. Мээ клеткалары да кычкылтек менен камсыз болуп, чарчоону басууга көп пайдасын тийгизет.

Өзүңүзгө өзүңүз массаж жасаңыз. Бутуңузга, колуңузга, желкеңизге, керек болсо курсакты да укалаңыз. Денеңизди бош кармап, сыналгы көргөндө, эс алып жатканда булчуң эттерди бош кармап, кан жүгүртүп алуу керек. Өзгөчө буттун башына жасалган массаж күнү бою чарчоону басып, нервтин эс алуусуна жардам берет.

Бул кеңештерди карап көрсөңүз эч кыйынчылыгы жок. Ал эми организмге пайдасы өтө мол. Андай болсо жалкоолукту таштап, пайдалуу нерселерге алмаштырып, ден соолугуңузду бекемдеп алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!