​Илгиз Абдалиев тушоо кесүү концертин берет

​Илгиз Абдалиев тушоо кесүү концертин берет
28-Март 2018, Шаршемби, 22:35

Ушул жылдын 21-апрелде Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эстрада ырчысы Илгиз Абдалиев жеке чыгармачылык концертин тартуулайт. Бул тууралуу ырчы Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ырчы Кыргызстандын айрым аймактарында жеке чыгармачылык концертин тартуулап кайткан. Бул жолу борбор калаада алгачкы жолу жеке концертин бермекчи.

Концертте эстрада ырчылары Айдана Дека, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Алмаз Шаадаев, Данияр Эрматов, Элиза Орозова, Асель Кадырбекова өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!