​Айнура Салахидинова кыздуу болду

​Айнура Салахидинова кыздуу болду
2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 21:32

Эстрада ырчысы Айнура Салахидинов кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы Zaman.kgге билдирди. Анын айтымына караганда, ырчы 1-апрелде көз жарган.

“Жараткандын буйругу менен периштедей кыздуу болдук. Күлкү күнүндө көз жарганымдыктан жакындарыма айтсам ишенбей жатышты. Азыр өзүмдү жакшы сезим калдым. Кубанычымда чек жок. Кызыма ысымды жолдошум ыйгармакчы. Бардык каалоо тилектерге ыраазычылык билдирем”,-деди ал.

Айнура Салахидинованын 2 уулу бар. Эми кыздуу болуп, кубанычында чек жок. Биз дагы учурдан пайдаланып наристенин өмүрү узун болсун демекчибиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!