​Акыры Анжелика жолдошу менен ажырашты

​Акыры Анжелика жолдошу менен ажырашты
2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 21:55

Бүгүн, 2-апреле ырчы Анжелика Бекболиева жолдошу Урмат Бекболиев менен расмий түрдө ажырашканын Instagramдагы баракчасына жазып чыкты.

Ырчынын айтымына караганда, ажырашуу тууралуу соттук отурум Биринчи май районунда болгон.

“Бир жылга жакын жолдошум экөөбүз бирге жашабай калганыбыз баарыңарга маалым. Көптөгөн соттук процесстерден кийин акыры чечим чыгып мыйзамдуу негизде ажыраштык. Мындан аркы жашоо биздин жеке иш. Ажырашкан бул дүйнөдө жалгыз биз эмеспиз. Жашоо улана берет. Эң негизгиси аманчылык болсун! Өкүндүргөнү менин жеке жашоомду шоу кылып коомдо ар кандай пикир жаратканыңарда❗ Сураныч ар бириңер өз жашооңор менен алек болгулуңуздар”,-деп пикирин калтырган ырчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!