​Айпери Кубик кызы: жолдошума сөз тийгизбейм

​Айпери Кубик кызы: жолдошума сөз тийгизбейм
5-Апр. 2018, Бейшемби, 22:58

Жакында эле ырчы Айпери Кубик кызы турмушка чыга турганын жар салган. Бирок, кимге кайсы жигитке чыгаарын сыр кылып, ал тургай жүзүн дагы жашырып келет.

Ал эми интернет колдонуучулары Айперини сынга алышып, жигити башка улуттан экенин билдиришкен. Бул сындарга ырчы төмөнкүдөй жооп берген.

“Ушунчалык ичи тар, оозу чириген адамдар көп экени таң калычтуу! Мени тим эле каргап жибергендерге жооп! Ата энемди не кылып уят кылдым? Турмушка чыксам уят болобу не? Кызыктай сөз! Кыздын бараар жери күйөө дейт! Негр деп, өздөрү сөз чыгарып алып каргап жатышат, өзүңөрдүн башыңарга тийсин каргышыңар! Аллахтан корксонор кичине! Кыргызга эле тийдим! Силерден коркконумдан актанганым жок, болгону оозунарды, ниетинерди ондогула, сүйлөйт десе сүйлөй бербей! Мен мактанган жерим жок, журналисттер кайра кайра суранганынан интервью бердим! Ким болсо да, менин тандоом, менин жашоом! Жүзүн көрсөтпөй жатып ушунча арам сөз, жүзүн көрсөткөндөн кийин Кудай берип калат хэйтерлерге! Бакыт тынчтыкты каалайт! Мен жарымыма суук сөз тийгизгим келбейт! Элдин талкуусуна да калтырбайм! Себеби, ал менин түбөлүккө тандаган адамым!»,-дейт ырчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!