Дуан Джонсон “Форсажга” тартылгысы келбей жатат

Дуан Джонсон “Форсажга” тартылгысы келбей жатат
6-Апр. 2018, Жума, 13:40

Голливуд актеру Дуан Джонсон “Rolling Stone”го берген маегинде жакында тартыла турган “Форсаж” фильмине катышуу тууралуу чечим кабыл ала элегин билдирди. Анын айтуусу боюнча, башкы ролду ойногон Вин Дизель менен болгон келишпестик болду. Бул тууралуу “Корреспондент.net” сайты маалымдайт.

«Мен өмүр сүрүү философиясында жана тартылуу иштерине байланыштуу эки башка көз карашта экенибизди түшүндүм. Муну тушүнүү үчүн бир аз убакыт керек болду. Бирок мен муну түшүнгөнүмө кубанычтамын», - дейт Дуан Джонсон Дизельге байланыштуу сөзүндө.


Актерлордун арасындагы келишпестик 2016-жылы белгилүү болгон. Анда Джонсон өзүнүн “Instagram” баракчасына кесиптешинин кесипке ылайык келбеген жүрүм-туруму жөнүндө билдирүү жарыялаган.

Азыркы учурда, Джонсондун айтымында келишпестик жөнгө коюлду. Бирок бул анын жаңы франшизада тартыла тургандыгын билдирбейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!