7-апрель менен Джеки Чандын байланышы барбы?

7-апрель менен Джеки Чандын байланышы барбы?
10-Апр. 2018, Шейшемби, 16:52

7-апрель күнү көпчүлүгүбүздүн сүйүктүү актерубуз, тасмадагы бала чагыбыздын каарманы, сценарист, режиссер жана продюсер Джеки Чан 64 жашка чыкты.

Чан дүйнөдөгү эң белгилүү боевик фильмдердин каармандарынын бири, ал акробатикалык күрөш стили, комедиялык картина, ошондой эле, мушташтарында ар түрдүү “техникалары» аркылуу белгилүү.

Джеки Чан 1954-жылы 7-апрелде Гонконгдо дүйнөгө келген. Төрөлгөндө ага — Фан Син Лун деген ысым ыйгарышкан. Ал жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн. Анын ата-энесинин акчасы жок болгондугуна байланыштуу, энесинин төрөтүн төлөгөнгө да акы төлөй алышкан эмес. Андан улам үй-бүлөсү менен Австралиягы көчүп келишкен. Ал жакта ата-энеси Американын элчилигинде иштешкен. Джеки 6 жашка толгондо алар баласын кытай операсын үйрөтүүчү мектепке беришкен. Ал жакта ырдагандан сырткары согуш искусствосу, бий, акробатика жана актердук мастерстводон да билим алган. Анын жардамы менен Джеки Чан биринчи кинодогу ролун 8 жашында аткарган. 10 жашка чыкканча анын тартылган тасмаларынын саны 25ке чыккан.

Чан актердук карьерасында баардыгы болуп 114 фильмде тартылган. Азыр ал дүйнөдөгү эң белгилүү азиялык актерлордун бири. Андан сырткары Джеки Чан кинорежиссер, продюсер, сценарист, трюктардын жана күрөш сахналарынын коючусу, ырчы, филантроп, күрөш искусствосунун адиси. ЮНИСЕФтин ак ниет элчиси. Британ империясынын орденинин кавалери. Кино тармагына кошкон салымы үчүн «Оскардын» ээси.

Мындан сырткары, ырчылык менен да алектенип келет. Ал көптөгөн фильмдерде ырдап жана 1980-жылдан тартып альбомдорун чыгарып келет.

1962-жылы актер киноиндустриясында алгачкы дебюту болду, анда ал Кытайда классика аталган «Вечная любовь» фильмине катышкан. Бир аз убакыттан кийин ал "История Цинь Сянлянь” операсында башкы каармандын баласынын ролун ойногон. Жаш өспүрүм кезинде «Кулак Ярости» жана «Выход дракона» фильмдеринин сахна талаасында Брюс Ли менен таанышкан.

Джеки Чанга актер катары алгачкы таанымалдуулукту 1978-жылы тартылган «Змея в тени орла» фильми алып келген. Бир аз убакыттан кийин актердун атагы «Пьяный мастер» картинасынан кийин жогорулаган.

Дүйнөлүк атакка Чан «Разборка в Бронксе» аттууу фильминен кийин жетти, ал үчүн бул чоң ийгилик болду. Андан кийин көрөрмандарга үч фильми сунуштарды: алардын бири «Час пик» тасмасынын кирешеси 1 миллиард долларды түздү. Ал эми эң кымбат тартылган «Смокинг», «Вокруг света за 80 дней» и «Медальон» фильмдери мынчалык ийгилик алып келе алган жок. Кайра кийинчерээк чыккан «Каратэ-пацан» тасмасы залга элди толтуруп, Чанга мурунку атак-даңкын кайра кайтарды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!