Лайвли “Instagram”дан сүрөттөрүн эмнеге өчүрдү?

Лайвли “Instagram”дан сүрөттөрүн эмнеге өчүрдү?
2-Май 2018, Шаршемби, 17:46

Белгилүү голливуд актрисасы Блейк Лайвли көп убакыттан бери “Instagram”дын активдүү колдонучусу эле. Социалдык баракчага ал күнүмдүк жашоосун, күйөөсү менен бирге түшкөн сүрөтүн жана ошондой эле актер Райан Рейнольдс жана башкалар менен түшкөн сүрөттөрүн салып турган.

Көптөгөн адамдар үчүн күтпөгөн нерсе Блейк өзүнүн “Instagram” баракчасындагы бардык сүрөттөрүн алып таштаган. Ошондой эле, бардык досторунан жана жубайынын достугунан чыгып кеткен. Анын ордуна, актриса Эмили Нельсон аттуу кыздын 36 аккаунтуна катталган. Профилге Лайвли болгону бир гана сөз жазган:«Эмили эмне болду?».


Кийинчерээк бул таң калычтуу нерсеге түшүдүрмө берилди: бардыгы Блейк ойногон триллер жана детектив фильминин сюжетинде Эмили Нельсон атуу кыздын капыстан жоголуп кетишине байланыштуу экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!