Чыныбек кызы: “Ырды 100 миң теңгеге сатып алгам" (видео)

Чыныбек кызы: “Ырды 100 миң теңгеге сатып алгам
12-Май 2018, Ишемби, 12:42

Чыгармачылык чөйрөгө жаңыдан кадам таштап , “Кайда” аттуу ыры менен кыргыз элине эмес, казак элине да тааныла баштаган Гүлназ Чыныбек кызы бүгүн бизде мекте.

-Гүлназ айым кепти чыгармачылык жактан баштасак?

-Акыркы төрт беш жылдын ичинде Казакстанда жумуштарым менен жүрдүм. Ырчылыкты хобби катары алып, ал жактан кечкисин кыргызстандыктардын, казак боордошторубуздун тойлорунда ырдап, анча-мынча алып баруучу да болуп калдым. Мен кичине кезимдеэле ырчы болом деп кыялданчумун. Ичиңде жаткан нерсе өзүңдүн каалооң менен ишке ашат деп коет го ошол каалоом менен мына эми ушул чөйрөгө келип калдым.

-“Кайда” аттуу ырыңыз казактардын уруксаты жок алынган деген сын-пикирлер чынбы?

- Ооба туура, казак элинин ырчысы Эрке Есмахандын ыры. Бул ырды ырдап чыкканымда ар кандай сөздөр айтылып, сотко бериптир деген сөздөр болду, мага официалдуу түрдө сот тараптан чакыруу болгон жок. Бул казак ыры Кыргызстанда ырдала элек болчу. Ырды чыгараарым менен эки жумадан кийин ырдын аткаруучусуна байланышып Алматыга барып көрүшүп, официалдуу түрдө аткарууга укук алып обонун 100 миң теңгеге сатып алып, ырдап чыктым.

- Шоу-дүйнөгө аралашканыңызга эмне түрткү болду?

- Кичинемден эле Гүлнур Сатылганова эжени кумир тутуп, анын бардык ырларын жаттап, мектептеги иш-чараларда ырдап жүрчүмүн. Казакстанда Айбек Кубатбаев деген ырчы жигит өзүнүн жанына дуэт ырдаганга кыз издеп жатат деп, мени сунуштап калышты бирок мен казакча жакшы сүйлөй албасам кантип ырдайм, акцент менен ырдап калам го десем "жок ошондой акцент менен ырдаган ширин болот" дешти. Ошентип дуэт жаздырып андан кийин экинчи дуэтибизди ырдадык, мага аябай жакты. Анан бара-бара өзүмчө ырдап баштадым да шоу жагына жакындап калдым.

- Өзүңүздү жылдызмын деп ойлойсузбу?

- Жок жылдызмын деп айтууга азырынча эрте. Бирок кудай буюрса ошол күндөргө да жеткирсин.

- Чыгармачылык чөйрөгө аралашкандан бери сизге карата бут тосуулар болдубу?

- Бут тосуулар болду деп деле айтпайм, бирок ар бир чөйрөнүн ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы болот эмеспи, анча мынча ыңгайсыздыкты жараткан учурлар болуп жатты, азыр деле бир аз болуп калат. Бирок аларды бут тосуулар деп айтууга болбойт.

- Жакында эле “Кайда”аттуу ырыңыздын уландысы “Мына” деген ырыңызга клип тарттырдыңыздар, клип канча күндө тартылды, тартууда кандай кыйынчылыктар болду?

-Ар бир иштин өзүнүн түйшүгү болот экен. Клипти тартууга болжол менен 1 ай убакыт кетти, сюжетин тартууда эң кыйынчылыгы бир күндө баарын тартып бүтүрүш керек болчу бирок, өрт өчүрүүчү тез жардам, жол кыймылынын ГАИ кызматкерлеринен суранып, эң кыйын жери ушул болду мисалы аларды саат экиге кел деп баардыгын бир жерге чакырыш өтө кыйын экен, анткени алардын жумуштары ошол белгиленге убакытка дал келбай калып жатты. Бири бошосо бири бошобой калат. Ушунча адамды чогултуп, биринчи жерден экинчи жерге баарыбыз 4-5 машина менен барганда да бир аз кыйынчылыктарды жаратты. Кудайга шүгүр бир эле күндө тартып алдык. Сьемка учурунда хаска пародасындагы итти жетелеген жери жок болчу, ал да күтүүсүз жерден кошулуп калды, биз ойлогондон да башка, биз күтпөгөн жакшы өзгөрүүлөр болуп кетти.


- 7 дубанды кыдырып жеке концерт берүү кыялыңызда барбы?

-Албетте бар, чыгармачыл адам болгондон кийин ар бир шоу дүйнөсүндө жүргөн адамдарын кыялында болуш керек. Бирок азырынча мага жеке концерт бериш эрте, себеби менин официалдуу жеке ырларым аз, буюрса дагы жакшы ырларды жаздырып, ырларымды көбөйтүп анан эл алдына жакшы жеке чыгармачылыгымды тартууласам дейм.

- Чыгармачылыгыңызда эсте калаарлык кайталангыс күнүңүз кайсы күн болду эле?

-Эсте калаарлык күнүм менин биринчи чыгармамды жаздырууда ошол күн аябай эсимде калган. Казакстандын Шымкент деген шаарында Избасар деген балага биринчи ырымдын оронжировкасын даярдатканбыз ал бала айтып калды даяр болду,келип кетиңиз дегенден мурдаал шаарга барып көргөн эмес элем. Бирок эр жүрөк кылып жалгыз эле аттандым. Барып үндү жаздырып, эки үч саат убакыт кетти, жумушум бүтүп мен Байканур деген шаарга кетишим керек болчу кетүүгө камданып авто бекетке келсем, кете турган транспортум эбак эле кетип калган экен. Күүгүм кирип калган убак, ошол жердеги элдерден сураштырсам мен кетчүү транспорт кетпесин айтты. Автобус жүргөн башка жерге бардым, ал жакта акыркы автобус кеткени жатыптыранда да орун калбаптыр. Автобустун эшиги жабылганда көзүмө толо жаш келди, ошентип Шымкентте жалгыз калдым, телефонум да өчкөн же тааныштарым жок. Автобекетте элдер менен бир аз турдум кеч кирди. Автобекеттен жакыныраак мейманкана сураштырып бардым ал жака барганда менин акчам жетпей калды, дагы жакшы жанымда бир аз рубль бар болчу акчаны алмаштырууга барайын десем жабылып калган эле. Мейманкананын адмистраторуменен сүйлөшүп, паспортумду таштап эртеси акчамды алмаштырып бердим да, Байканурга сапар алдым. Ошол күн ушул күнгө чейин аябай эсимде калган.

- Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

- Жакында эле Добр менен “Ало” деген аталышта дуэт ырдаганбыз ошол ырыбызгы кудай буюрса клип тарттыралы деп пландап жатабыз. Андан тышкары жайкыга бир жакшы хит жаратсамбы деп турам. Ошого изденүү учурдамын.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?

- Үй-бүлөдө 6 бир-туугандын төртүнчүсүмүн, 5 кыз 1 уулбуз. Ата-энем мугалим атам мектеп директору болуп, 30 жылдан бери эмгектенет. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу биз чоң энебиздин колунда тарбияланганбыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!