"Flo Rida” ооруган баласынан баш тартты

17-Май 2018, Бейшемби, 16:48

“Баланын энесинин айтуусу боюнча, музыкант баланы алдырып салуусун калаган, андан кийин толугу менен байланышпай калды. Репер Фло Рида алты айлык мээнин сейрек кездешкен оорусу менен ооруган баласы менен кездешүүдөн баш тартууда. Ал өз баласын “шайтандын урпагы» деп атайт. 34 жаштагы Алексис Адамс, баланын энеси, музыкант башында Зоар анын баласы экенин моюндайбай керек болсо, медициналык борборго алып келип тесттен да өткөргөн. Бул тууралуу “life.ru” маалымат булагы билдирет.

ДНК тести көрсөткөндөй Трамар Лакель Диллард (Flo Rida) 99,9 пайыз баланын атасы экени далилденди. Ошого байланыштуу ал балага байланыштуу бардык медициналык чыгымды өз мойнуна алган жана ошондой эле ай сайын акчалай жардам көрсөтүп турат. Бирок ал сумма сот тарабынан чыгарылган каражаттан өтө эле аз. Ошол эле учурда Алексис баласын моралдык жактан жардам бербестен унуткусу келет деп билдирет.

Алексис рэпер менен 2015-жылы кездешкен. Рэппердин байлыгы 30 миллион доллар деп бааланып жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!