Аскат Сулайманов "Милиция болсомбу деп кыялдангам"

Аскат Сулайманов
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 10:27

Актер Аскат Сулайманов көптөгөн тасмаларда жогорку деңгээлдеги мыкты кинолордо роль жаратып келет. “Айыл өкмөтү”, “Президент жана бомж 1,2,3,”, “Аят 3” жана башка тасмаларда мыкты ролдорду аткарган. Тойлордо дагы тамадалык милдетти аткарып келет. Актер zaman.kg сайтына өзүнүн чыгармачылыгындагы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, маек курду.

-Чет өлкөлөрдө да кино тартып жүрөсүздөр, ал жактан бут тосуулар болбойбу?

-Бут тоскоолдук болбойт. Ал жакта лицензиясынын акчасын төлөп койсоң эч кандай эч нерсе болбойт. Бирок лицензияны төлөгөнгө биздин акчабыз жетпейт. Мисалы биз “Президент жана бомж-2”тасмасын Францияга барып тарталы дегенибиз, лицензия алышыбыз керек экен, ал 700 миң евро турат экен. Биз ал суммага бул жактан жыйырма тасма тартып алабыз да. Бизде бюджет туура келбейт. Европа жактан тааныш таап, сүйлөшүп тасма тартканга аракет кылабыз.

-Көптөгөн кинолордо да, театрда дагы бир топ ролдорду жараттыңыз, кайсынысы сизге пайдалуурак болду?

-Мага экөө тең пайдалуу, окуу жайын драмалык актер жана кино деп бүткөм андан тышкары телеберүү деген үч дипломум бар. Телеберүүдө иштеген жокмун, бирок актер болуп иштеп жүрөм. Мага эки жагы тең дем берип турат, кино жагында көп жүрүп калсам театрды сагынып калам, театрда жүрсөм кинону сагынам. Мага эч кандай айырмасы жок. Жакынкы учурда кинолордо жүрдүм эми кечээ күндөн баштап, театрга келдим бул жакта бир жарым ай иштейм.

- “Президент жана бомж 3” тасмасында президенттин ролун жараттыңыз ошол учурда чындап өлкө президенти болсоңузишти эмнеден баштайт элеңиз?

- Жашоодо чындап президент болсом, биздеги коррупционерлердин бардыгын кармап, жеп ичип жаткандарды кустуруп, мамлекетке ичкен жегендерин төктүрүп, тышкы карыздан кутулуп, андан кийин кыргыз эли үчүн иштемекмин. Анткени Кытайга биздин эл-жерибизди алдырганы жатабыз. Ошол үчүн биринчиден карызыбызды кутулушубуз керек. Биздин өлкөдөгү чоң көйгөй ушул. Кытайлыктар тажиктердин жерин алып койгондой биздин да жерди алып коет. Карапайым эл чыркырып кала беребиз. Мен кинодо да айткан жерим бар. Жаңы шаар куруп, сыртта иштеп жүргөн улан-кыздарыбызды алып келип, аларга жаңы жумушчу орундарды түзүп, бюджетти чоңойтушубуз керек да, мамлекетибизди жебей башкаларга жедирбешибиз керектигин айткам.

-Көпчүлүк кинолордо милициянын ролун аткарып жүрүп, кайра президенттин ролун ойногон учурда өзүңүзгө кандай таасир ала алдыңыз?

-Мен ушуга чейин сегиз жолу милициянын ролун ойнодум. Президенттин ролун ойногондо эч кандай сезим болгон жок.

-Театрда иштеп жүргөндө кандай жетишкендиктерге жеттиңиз?

-Коп жетишкендиктерге жетиштим. Кыргыз искусствосуна салым кошкон актер деген наам алгам. Бирок чоңураак наам ала элекмин. Кудайдын буйругу менен ал наамга да жетишем. Мен театрда жетишкендигим көп, дос күттүм. Ушул театрды түшүнүп колдогон үй-бүлөм бар. Театрда 1999-жылдан бери иштеп келе жатам, 21 жашымда келгем, 19 жыл эмгектендим.

-Сиздин актер болушуңузга эмне түрткү болду?

- Негизи мен милиция болом дечүмүн. Бирок 6-классыман баштап, драм кружокторго катышып, кичинекей балдардын ролун аткарчумун. Кийин 9-класстан тарта Балыкчы шаарындагы Элдик театрда кичине балдардын ролун ойноп жарым айлыкка иштеп, ошондон улам театрга аралашып кеткем.

-Тасмада роль жаратуудан баш тарткан учурлар болду беле?

-Көп эле жолу болгон. Биринчи тасмага тартылаарда сценарийди сурайм. Аны толук окуп чыкканга убакыт болбойт, кыскача өзүмдүн ролумду туурасында сурап, менин көңүлүмө жакпаса баш тартам. Ал эми театрдан баш тарта албайсың себеби жакса да жакпаса да аткарышың керек. Өзүң театрда иштеп жаткандан кийин баш тартуу туура эмес нерсе.

-Роль жаратууда алган каражатыңыз?

-Ар кандай сүйлөшкөнүбүзгө жараша болот. Эң аз алганым үч миң сом ал эми көп алганым он миң сом бул күнүнө.

-Кино жаатында сиз тарбиялаган шакирттериңиз барбы?

-Көп эле бар десем болот. Аларды санап бере албайм. Азыркы ырчы болуп ырдап жүргөн Айдана Деканы кичине кезинде “Любовь Москвы” деген фильмге тарткам. Андан тышкары Н. Анарбаев деген да бала бар азыр ал Ошто кино тартып жүрөт, ошолорду да шакирттерим деп айта алам.

-Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

-Алты балам бар. Алтынчысы жакында эле төрөлдү 8ай болду. 4 уул 2 кызым. Балдарым менин жолумду жолдогулары келбейт. Улуусу милиция болом дейт. Андан кийинкиси ашпозчунун окуусун окуп жатат. Кичине уулум аскер кызматкери болом дейт. Ал эми кыздарым врач болгулары келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Президент министр Чыңгыз Айдарбековго тапшырмаларды берди
Президент министр Чыңгыз Айдарбековго тапшырмаларды берди
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылдыбы? УКМКнын жообу
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылдыбы? УКМКнын жообу
Эламан жана Чолпон
Эламан жана Чолпон "Форсаждын" актрисасы менен (видео)
Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылды
Атамбаевдин жан сакчылары кыскартылды
Стивен Спилбергтен «Секретное досье» тасмасы
Стивен Спилбергтен «Секретное досье» тасмасы
Бакыт Шаршембиев 9 кылмыш ишинин фигурантыбы? (видео)
Бакыт Шаршембиев 9 кылмыш ишинин фигурантыбы? (видео)
Малы менен тоодо калган чабандар куткарыла элек
Малы менен тоодо калган чабандар куткарыла элек
Окуучуларга танаписте сүйлөшүүгө тыюу салды
Окуучуларга танаписте сүйлөшүүгө тыюу салды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тилке макулдашылды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тилке макулдашылды
23-октябрь: абанын температурасы +20 градуска чейин жогорулайт
23-октябрь: абанын температурасы +20 градуска чейин жогорулайт
Президент «Депутаттарды таркатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду
Президент «Депутаттарды таркатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду
“Despacito” ырына Гиннестин рекорддор китебинен жети титул берилди
“Despacito” ырына Гиннестин рекорддор китебинен жети титул берилди
ЭККМК депозиттик эсепке 5 млн сомдон көп акча которду
ЭККМК депозиттик эсепке 5 млн сомдон көп акча которду
Баястан мурда сүйлөшкөн кыздар уялчаак болгонун айтты
Баястан мурда сүйлөшкөн кыздар уялчаак болгонун айтты
Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?
Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?
“Apple” дагы бир жаңылыгын 30-октябрь күнү сунуштайт
“Apple” дагы бир жаңылыгын 30-октябрь күнү сунуштайт