Илон Маск жактырган бийкечтин аты ким?

Илон Маск жактырган бийкечтин аты ким?
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 13:17

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири Илон Маск ким менен кездешип жүргөнү белгилүү болду.

“Space-X” компаниясынын ээсинин бул жолку каалоосу Граймс деген лакап ат менен белгилүү канадалык ырчы болуп чыкты. Папарацция Маск менен Граймсты жыл сайын өтүүчү “Met Gala” костюмдар балында кол кармашып келген жерден сүрөткө тартып алышкан.

Граймстын чын аты Клер Элис Буше. Клер ырчы гана эмес, ошону менен катар режиссер, продюсер жана сүрөт тартууга да кызыгат.

30 жаштагы ырчы Илон Маск менен капыстан Твиттердеги баракчасы аркылуу таанышкан. Тактап айтсак, жасалма интеллектке катыштуу жарыялаган твит Маскка жагып, Граймс экөөнүн оюу бир жерден чыкканын байкаган, андан соң ырчы кыз менен кездешүүнү баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!