Актер Хью Грант биринчи жолу үйлөнүп жатат

Актер Хью Грант биринчи жолу үйлөнүп жатат
22-Май 2018, Шейшемби, 13:24

57 жаштагы Голливуд жылдызы 39 жаштагы Анна Эберштейнди тандады.

Голливуддун актеру Хью Грант жашоосунда биринчи жолу үйлөнөт. 57 жаштагы артист продюсер катары иштеген 39 жаштагы кесиптеши Анна Эберштейн менен мамилесин мыйзамдаштырмачы. Бул тууралуу “Sky News” маалымат булагы билдирет.

Маалыматка ылайык, никеге туруу тууралуу өтүнүч дем алыш күнү Лондондун Челси аймагындагы ЖАКБ тиркелген.

Белгилүү болгондой жубайлардын үч баласы бар экени белгилүү. Үчүнчүсү ушул жылдын март айында дүйнөгө келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!