Джексондун бийин бийлөө ден-соолукка кооптуубу?

Джексондун бийин бийлөө ден-соолукка кооптуубу?
23-Май 2018, Шаршемби, 14:24

Индиянын окумуштуулар Поп музыканын падышасынын бийлерин туурап бийлөө оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экени аныкталды.

Нейрохирургдар Майкл Джексондун күйөрмандарына «падышанын» кыймыл-аракеттери жаракат алып калууга жеткирет жана алардын көпчүлүгүн калыбына келтирүү мүмкүн эмес болот деп билдиришүүдө. Индиялык нейрохирургдар, “MJ” хореографиясын адамдын органына жана денесине тийгизген таасирин изилдеп көрүшүп, атайы бут кийимсиз жана даярдыксыз “Smooth Criminal” ырына аткарылган бий омуртканын сынып кетүүсүнө алып барышы мүмкүн деген жыйынтыкка келишти.

Окумуштуулар Майкл Джексондун өзү гана эмес, ошону менен бирге анын тобундагы бийчилер атайы бут кийимдерден сырткары күчтүү чыдамдуулук жана мыкты ден-соолукка ээ болуулары керек эле. Алар болжомдоурун далилдөө үчүн изилдөөчүлөр 25 жанан 30 градуска созулган кезде сөөккө келтирилген күч тууралуу маалыматтарды сунушташууда, ал эми ошол эле аракетти Майкл Джексон менен анын командасы 45 градуска чейин ийилишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!