Фримен “CNN”ден кечирим суроосун талап кылууда

 Фримен “CNN”ден кечирим суроосун талап кылууда
30-Май 2018, Шаршемби, 11:06

Голливуд актеру Морган Фримен “CNN” телеканалынан ага карата сексуалдык мүнөздөгү тагылган айып тууралуу материалды жарыялаганы үчүн кечирим суроосун талап кылууда. Бул тууралуу актердун адвокаты Роберт Шварцтын жазган катына карата “Hollywood Reporter”го шилтеме берип “КорреспонденТ” сайты маалымдайт.

Документте актердун адвокаты телеканалды «Берилген маалыматтарды дароо жокко чыгаруусун жана Фримандан кечирим суроосуна» чакырды.

Шварц телеканалдын материалы «зыяндуу ниеттин» натыйжасы экендигин жана Фриманга катыштуу айыптоолор эч кандай негизсиз деп билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!