Меган Маркл дүйнөдөгү эң таанымал аял деп таанылды

Меган Маркл дүйнөдөгү эң таанымал аял деп таанылды
1-Июнь 2018, Жума, 10:34

Британиянын «Vogue» журналынын башкы редактору Эдвард Энниффул Улуу Британиядагы эң таасирдүү 25 аялдын тизмесин жарыялады. Бирок таң калычтуусу ханша айым Елизавета II болгон же болбосо Британиянын премьер-министри Тереза Мэй да тизмеге кирген жок. Тизмеге Голливуд актеру Джордж Клунинин жубайы - Амаль Клуни жана Сассекс герцогинясы Меган Маркл кирген.

Амалды редакция мыкты адвокат жана адам укуктарын коргоогондугу үчүн тандап алды. “Vogue” журналынын маалыматы боюнча, Меган коомдук жашоону активдүү түрдө жүргүзүүдө, мисалы, расизмге каршы. Басылмада жазылгандай ал «дүйнөдөгү эң таанымал аял».

Мындан сырткары тизмеге Киевте Чемпиондор Лигасынын финалында жакында өнөрүн көрсөткөн 22 жаштагы ырчы Дуа Липа да таасирдүү аялдардын катарына кошулган.

Тизмеге 22ден 73 жашка чейинки саясатчы, спортчулар, журналисттер, мода жана шоу-бизнес өкүлдөрү кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!