Брюс Уиллис жеке аэропорт куруп жатат

Брюс Уиллис жеке аэропорт куруп жатат
4-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 10:13

"Крепкий орешек" фильминин жылдызы актер Брюс Уиллис Айдахо штатынын борборунда аэропорт куруп жатат.

Белгилүү болгондой, аэропорт “Soldier Field” деп аталды жана 416 адам жашаган Фэрфилд шаарчасынан алыс эмес жерде жайгашкан. Курулуш ушундай чакан аймак үчүн масштабы боюнча күткөндөн да ашып түшүүдө.

Аэропорттогу учуп-конуу жолунун узундугу 2,6 километрди түзөт жана туурасы 30 метр болот. Ал көптөгөн коммерциялык учактарга кызмат көрсөтмөкчү. Жолу бетондон жасалмакчы.

Бирок жергиликтүү тургундар аэропорттун курулушуна каршы чыгышууда. Ал эми Брюс Уиллис үчүн аэропорт эмнеге керек экени белгисиз жана актер бул тууралуу түшүнүктөмө берген жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!