Таукел сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөтүн бөлүштү

Таукел сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөтүн бөлүштү
6-Июнь 2018, Шаршемби, 10:29

Бир нече күн мурун казак актеру Таукел Муслим өзүнөн 11 жаш кичүү кыз менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айткан эле. Керек болсо ал кызды катуу жактырганын, үйлөнүшү да мүмкүн экенин билдирген.

“Instagram” тиркемесиндеги “qaz.stars” баракчасында актердун белгисиз кыз менен түшкөн сүрөттөрү пайда болду. Колдонуучулар бул кыз анын 11 жаш кичүү сүйүктүүсү деп жатышат. Бирок желе колдонуучулары актер менен кыз бири-бирине төп келбестигин жазып жатышат. “11 жаш кичүү кызды көрүп турганым жок”, «Сулуу кыз табылбай калдыбы?», «Таңдаган тазга жолугат» деген билдирүүлөрдү калтырышкан актердун күйөрмандары.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!