Сүйүн Откеев: "Келинчегим эң чоң сынчы"

Сүйүн Откеев:
9-Июнь 2018, Ишемби, 15:51

Бул жолу Миллиондук мелдеш , Соолуган карек, Сен эмне кылмаксыӊ?”, “Мега Той” “Мега Той 2”, аттуу тасмалардын, Султан Садыралиевдин «Кыргыз бийи», Гүлнур Сатылганованын «Сага» аттуу ырларынын клибин тарткан таланттуу режиссёр Сүйүн ОткеевZaman.kg” маалымат агенттигине өз пикирин бөлүшүп маек курду.

-"Мегай Той" тасмасын тартуу идеасы кайдан келип чыккан?

-Жоомарт Жолдошев деген досум бар, ошол досум экөөбүз сүйлөшүп отуруп, жок жерден эле өзүнүн достору башынан өткөн окуяны айтып беришиптир. Ошол түштүк жергесинде Аксы районунда болушу керек, адашып күйөө балдар кыздын үйүнө барам деп башка бир кыздын үйүнө барып алышыптыр көрсө ал жакта да той болуп жатыптыр. Анан ушул окуяны достору айтып берип, мен ага аябай кызыгып, ушуну кино кылып тартса болчудай экен деп, ошондон улам улам "Мега той" тасмасы тартылып калган. Биринчисин тартып бүткөндөн кийин экинчиси тартылат деген идея да, ой да жок болчу. Бирок көрөрмандар сурап жүрдү экинчисин да тартып чыгарбайсыңарбы деп. Биз аларга кесе айтып идея жок тартылбайт дечүбүз. Эмнегедир ушул жылдын башында тасманын сценаристи менен сүйлөшүп отуруп, жакшы идея келип калды, ойлоп көрсөк туура келчүдөй. Анан ошондон улам экинчисин да тарталы деп тарта баштадык.

-Бул тасманы тартууга канча убакыт кетти жана канча каражат сарпталды?

-Тасманын экинчисин тартууда 3 ай убакыт кетип, эмнегедир бат тартылды. Монтажы болуп 4 ай убакыт кетти. Көпчүлүгү бир эле жерде тартылганы үчүн бат болду. Тасманын 80 пайызы бир эле кафенин ичинен тартылды. Ал эми кеткен каражатты азырынча эсептей элекпиз, себеби азыр деле пиар иштерин жүргүзүп жатабыз ошондуктан кеткен сумма азырынча тактала элек.

-Эмне себептен Нуриза Бурханова бул ирет фильмге катышкан жок?

- Нуриза Бурханова азыр Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө иштеп жүрөт. Бул жакта болбогондуктан бул ирет тасмага катыша албай калды. Бирок биздин сүйлөшүүбүз боюнча ал Кыргызстанга келмек, бирок анын убактысы менен биздин тартылуу убактысы төп келбей каллды. Мындай учурлар башка өлкөлөрдө керек болсо Голливудда деле болуп турат. Кандайдыр бир көйгөйлүү проблема болуп калса каармандар алмашууга туура келип калат. Бизде дагы башкы каарман Мээримдин ролу алмашып калды, негизгиси актер алмашканы менен ошол эле Мээримдин образы алмашкан жок.

-Тасма борбордон башка кайсы региондордо көрсөтүлөт?

-Азыркы убакта Бишкек жана Ош шаарында болуп жатат. Кудай буюрса күз айларынан баштап, Кыргызстандын бардык региондоруна коюла баштайт.

-Буга чейин көп эле фильм тартып жүрөсүз. Ошолордун арасынан аябай кыйынчылык менен тартылган тасмаңыз кайсы?

-Буга чейин 8-9 тасма тарттым. Мени эң кыйнаганы ошол былтыр тартылган "Жетикс" тасмабыз. Ал азыркы убакта деле чыга элек себеби, монтаж болуп жатат ошондон улам кыйын болуп атат. Компьютердин жардамы менен 3д форматында жазалып жатат. Ошол себептерден улам көп убакыт алып жатат. Мени кыйнаган ушул "Жетикс" болду. Бул ушул жылы октябрь айларында чоң экранга чыга баштайт.

-Кино тартаарда актерлорду кастинг аркылуу аласызбы?

-Ооба сөзсүз түрдө кастинг менен алабыз. Кээ бир башкы каармандарды алдын ала сценарий жазып жатканда эле башкы каармандардын көбүн тандап коебуз.

- "Карек кино лагери" тууралуу айта кетсеңиз?

-“Карек кино лагери” боюнча өткөн жылдан бери Карек фондунун атынан Толкун Дайырбекова, Айбек Дайырбековдор уюштуруп атат. Жаш балдарды мектеп окуучулары сценарий жазып, ошол жака барып кино өнөрүн аз болсо дагыжакындан таанып үйрөнүп келип жатышат. Ысык-Көлдө 10 күн болушат. Кыргызстандагы бүт актерлер режиссерлор барып ошол балдарга сабак берип, өзүнүн кино өнөрүн жакындан таанытканга аракет кылат. Киного кызыккан инилерибиз карындаштарыбыз үчүн аябай сонун чоң мүмкүнчүлүк деп ойлойм.

-Кино тартып кандай пайда таптыңыз?

-Каражат жагын айта турган болсок, мен кыйратып деле эч нерсе тапкан жокмун. А бирок мисалы чыгармачылык жактан ар бир киного даярданып, окуп, изилденишиң керек. Кино тартып мен ойлойм өзүмдүн өнөрүмдү акылымды дүйнө таанымында байытканга аракет кылып жатам. Эң негизгиси ошол деп ойлойм. Андан башка көптөгөн дос, тааныш таптым.

-Сиз баалаган актер?

-Актерлор професионалдуу болсо аты айтып тургандай эле алар күчтүү болушат, бекеринен професионал болушпайт да. Бирок иштешкенге ыңгайлуу актерлордон мисалы Мега Той-2 де Аскат Сулаймановдун иштегенин мен өзгөчө бааладым. Ошондой эле Мурат Мамбетов жана башка актерлор.

-Кайталангыс тасманы кантип жаратуу керек?

- Биринчи жакшы идея табыш керек, бир эле кыргыздар эмес бүткүл дүйнө жүзү түшүнө тургандай глобалдуу идея жартыш керек. Кайра ошону жакшы иштеп чыгып, сценарийин да карап, андан кийин каражатын да кененирээк жумшап, анан тартып иштесе болот деп ойлойм. Албетте эң күчтүү актерлор менен, эң күчтүү тартуучу топ менен, кандай гана тасма болбосун эң негизгиси ошол кинонун сценарийи да, кайталангыс тасманы кыла турган да сценарий болуп эсептелет. Сценарий болбосо канча каражат менен миң күчтүү актерлор менен тартсаң дагы сценарий жакшы болбосо анда ал эч качан кайталангыс тасма боло албайт . Ошол үчүн кайталангыс тасмага кайталангыс сценарий керек.

-Тасма тартып жаткан учурда эсиңизде калган унутулгус күн?

- Унутулгус күн мен үчүн "Мега Той -2" де болду. Биз тасманы тартууда түнкүсүн иштедик. Кечкисин саат 9 же 10дордо баштап, таң атканча тартып жаттык. Түндө иштөө мага аябай кыйын болду. Бир эле мага эмес тартуучу топко актерлорго дагы бир аз кыйын болду. Мындан кийин түнкүсүн тасма тартпайбыз деп чечтик. Менин унутпай турган күн ушул болду түнкүсүн тасма тартуу.Себеби уйкудан да калып, көздөрүң шишип эртеси күну жакшы да иштей албай калат экенсиң.

-Алдыда дагы кандай пландарыныз бар?

-Алдыда албетте пландарыбыз аябай көп. Биздин бир эки жылдык эмнени тартабыз алдын ала белгилеп алабыз. Кудай буюрса 2019-жылга жакшы бир эки долбоор даярдап атабыз. Андан тышкары жакынкы күз айларына Жети Икс тасмабызды чыгарганга даярдык көрүп жатабыз. Ага да көп убакыт кеткени үчүн даярдыкты жакшы күчтүү кылып жаткан учур. Андан сырткары теле долбоорлорду даярдап күз мезгилдерине ылайыктап чыгарууга кам көрүп жатабыз

-Үй- бүлөңүз тууралуу сөз кылсак?

- Үй-бүлөм үч кызым бар. Улуу кызым мектепте окуйт. Калган эки кызым бала- бакчага барат. Үй-бүлөм мени дайыма колдоп турушат. Алар да мага кээде отуруп кино монтаж кылганга жардам беришет. Аз болсо дагы монтаж кылганды түшүнө башташты. Келинчегим болсо эн чоң сынчы. Дайыма эмне гана тартпайын биринчи көрсөтөм, ал өз оюн туура айтат. Себеби биз ошондой сүйлөшүп алганбыз жакпаса жакпады деп айт деп. Ата-энем да менин эң чоң сынчыларым, алар да мени колдоп турушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!