Самара Каримова Сатыбековдун ырын ырдайбы?

Самара Каримова Сатыбековдун ырын ырдайбы?
23-Июнь 2018, Ишемби, 11:30

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Гүлжигит Сатыбековдун “Москва” аттуу ырын ырдап чыгат. Бул тууралуу ырчы интернет булактарында кабарлаган.

“Новосибирскийге барып концерт койдум ал жактан көпчүлүк күйөөрмандарым Сатыбековдун Москва ырын ырдап бериңиз деп суранышты. Тилеке каршы ал ырды угуп жүргөм бирок текстин билбейт элем,мекендештердин суранычын аткара алган жокмун. Бул ырдын авторунан уруксат алып, кудай буюрса репертуарыма кошуп алууну туура көрдүм. Кудай буюрса жакында бул ырга да күбө болосуздар”,-деген кабарын калтырган Каримова

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!