«Asia MIX» жарым финалына кирбей калган видеону тартуулады

«Asia MIX» жарым финалына кирбей калган видеону тартуулады
18-Июль 2018, Шаршемби, 15:51

“YouTube”дун "Азия Микс PRODUCTION" каналында 2016-жылдын жарым финалында көрсөтүлбөй калган видеосу жарыяланды. Бул тууралуу “NUR.KZ” маалымат булагы билдирет.

Ролик «Куткаруу сабактары» деп аталган. Команда мүчөлөрү Кыргызстандагы белгилүү бир жагдайларда кандай аракет кылуу тууралуу өздөрүнүн юмордук сунуштарын тартуулашты.

Видеодогу каармандардын бири өзүн ысык чөлдө, ак кардуу тоолордо кантип аман калса болоорун көрсөткөн Санжар Выживальскийдин кеңеши.

Эскерте кетсек, "Азия MIX" 2016-жылы жогорку лиганын финалында «Спарта» жана «Сборная Мурманска» сыяктуу мыкты командаларды арта калтырып чемпион аталган. Алгачкы жолу Орто Азия аймагынын «көңүлдүү жана тапкычтар клубунун» өкүлдөрү мурда-кийин жетпеген чоң ийгиликке жетишкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!