Лолитанын билдирүүсү эл аралык чатакка алып келеби?

Лолитанын билдирүүсү эл аралык чатакка алып келеби?
25-Июль 2018, Шаршемби, 16:42

Россиянын атактуу ырчысы Лолита Милявскаянын орустардын болгарларга болгон жек көрүүсү тууралуу айткан билдирүүсү эл аралык чатакка айланышы мүмкүн.

Буга чейин ырчы Болгариянын жергиликтүү тургундары ал жакта дем алып жүргөн россиялыктарды жек көрүшөт жана аны жашырышпайт деп маалымдаган.

«Акылга сыйбаган көрүнүш», — деп ал жактагы абалды сүрөттөгөн.

Милявскаянын маалыматы боюнча, “Көпчүлүк болгарлар өз үйлөрүн эч качан орустарга сатпай тургандыктарын жана алардан өлкөнү “тазалаш керек” деген билдирүүлөр айтылат”,- деген. Ал эми ырчынын Болгариядагы эки үйүнүн жарыгын, суусун өчүрүп ташташарын, буга карата полицияга кайрылса алар эч кандай чара көрбөйт тургандыгын айтып даттанган.

«Кедей Болгария россиялык туристтерге санкция жарыялады»,-деди ал.

Милявская өзүнүн мындай билдирүүлөрү менен эл аралык чырды козгоп жибериши мүмкүн. Анын кесепетинен Болгариядагы батирине жана жер үйүнө барчу жол жабылышы да ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!