Иосиф Кобзон комага түштү

Иосиф Кобзон комага түштү
30-Июль 2018, Дүйшөмбү, 09:49

Атактуу артист жана Мамлекеттик думанын маданият боюнча комитети башчысынын биринчи орун басары Иосиф Кобзон комага түштү. Бул тууралуу «РЕН ТВ» каналы билдирет.

Телеканалдын маалыматы боюнча, ырчынын абалы начарлап кеткен, ал жасалма аппарат менен дем алууда. Кийин Иосиф Кобзондун карындашы ырчынын комага түшкөнүн жокко чыгарып жатат.

«Кудайга шүгүр, баары жакшы. Ал пландалган даары кабыл алууда. Кайдагы кома, бул эмне деген?», - деди ал.

Ошондой эле, ырчы жубайы Нелли Михайловна менен жана мед айым менен бирге кофе ичип отурганын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!