Анжелика: "Кайненем каза болгондо бардым"

Анжелика:
31-Июль 2018, Шейшемби, 09:55

Кайненем каза болгондо бардым” деген ырчы Анжелика айрым маалымат булактарына нааразы. «Мен жөнүндө жазган сайттарды сотко берем”,- деген билдирүүнү ал өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына калтырган.

“Барсам да барбады, келбеди деген жалган маалыматты тараткан сайттарга эмне дээримди да билбей калдым. Буга чейин жеке жашоом тууралуу тастыкталбаган, адамды ирээнжиткен нерселерди жазганда Кудайга койгом. Эми минтип оюнан чыгарып, аша чаап жатканы үчүн сотко берип айыпташ керек. Мыкты адвокат издеп жатам”- деди.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар “Кайненең каза болсо барып койсоң ушундай сени көрө албаган сайттардын оозу жап болот эле го?”,-деген суроолоруна ырчы: “Мен бардым, мени толук билип билбей жазып жатышат”,-деп жооп берди.

Айта кетсек, Анжелика социалдык баракчасына кызы “Айыма менен Элиманы айылга чоң апасына учурашканы жибердим. Чоң апасы күтүп тургандай кыздарым баргандан кийин бир күн өтүп каза болду”,-деп жазган.

Ал эми бул туурасында "NazarNews" сайты “Анжелика кыздарын жиберип коюп, өзү барбаптыр. Ырчы көпчүлүктүн сынына калып жатат. Аздыр-көптүр Урмат менен бирге жашаган жылдар аралыгында Анжелика “Мен эки апамды тең биринен-бирин кем кылбай жакшы көрөм”,-деп, жүрөгүнүн кең экенин айтчу. Кайненесин айга-күнгө теңеп, өзүн үлгүлүү келин катары коомчулукка жарыя кылып көрсөтүп жүргөн. Анжелика кайненесин акыркы сапарга узатууга барбай койгон кылыгы менен чынында эле “апакесин” канчалык деңгээлде өзүнө "пиар" жасаш үчүн жакшы көрүп, ичи элжирегенин билдирип койду",-деп жазып чыккан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!