"Жебе" тобунун ырчысы Минур сүйүктүүсүнө баш кошот

1-Авг. 2018, Шаршемби, 11:22

"Жебе" тобунун ырчысы Минур Алтынбеков сүйүктүүсү менен бирге 18-июль күнү Ысык-Көлгө эс алганы барып, сүйүктүүсүнүн колун сурап, макулдугун алып, кыргыздын салты менен сөйкө салып койду.

Айта кетсек, азыркы убакта түгөйлөр 12-сентябрда боло турган заманбап үлпөт тойго кызуу даярданууда.

Ал эми ырчы мырзанын тандоосу 24 жаштагы ордолуу Оштун кызы Жазгүл Абылбекова. Жазгүл кесиби боюнча котормочу болгону менен учурда борборубуздагы салондордун биринде эмгектенет.

Эскерте кетсек, Минур менен анын болочок жубайы экөө үч жыл убакыт сүйүү мамилесин курушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!