Орландо Блум эки жолу көрүүчүгө кыйкырды

Орландо Блум эки жолу көрүүчүгө кыйкырды
1-Авг. 2018, Шаршемби, 16:29

Голливуд актеру Орландо Блум көрөрмандардын анын чыгармачылыгына кайдыгер караганын жаман көрөт. Керек болсо ал театрда коюлуп жаткан спектаклди токтотуп, көрүүчүгө эскертүү бериши да мүмкүн.

Жакында эле дал ушундай окуя болду. Орландо Блум "Киллер Джо" спектаклын ойноп жатып көрүүчү кызды урушкан. Себеби ал сахнаны эмес, өзүнүн “iPad”дын карап отурган. Бул тууралуу спектаклдын көрүүчүлөрүнүн бирөө социалдык тармактагы баракчасына билдирген.

Көрөрман өзүнүн “Twitter”деги баракчасына: "Актер Блум эки жолу планшетин карап отурган аялга эскертүү берген. Биринчи жолу ал аялдан “iPad”дын алышын өтүнгөн, андан кийин чыдабай кетип кыйкырган: “iPadды алгының, мен күтүп жатам!". Залда отурган көрөрмандар анын бул жоругуна таң калышкан, бирок эч ким Блумдун бул кылыгына каршы эч нерсе дешкен эмес. Көпчүлүк Орландо көрөрмандарга көп жолу эскертүү берерин айтып келишет. Бирок ага карабай ал өз образынан чыккан эмес, ошондуктан ал ачуулу болгон. Эскертүүнү алган аял кандай абалда болгону белгисиз, бирок бүтүндөй зал анын бул жоругун жаман көрүп жатышты”,-деп жазган көрөрмандардын бири.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!