Гүлзат Мамытбекти "Жата гой" деп чыгышты (видео)

Гүлзат Мамытбекти
3-Авг. 2018, Жума, 11:10

“Кыргызым жамбаштап жата гой, сага жарашат”,-дешип Мерген Турган менен Назира Айтбекова Гүлзат Мамытбекти тамашалап өздөрүнүн социалдык баракчаларына видео калтырышкан.

Анда, “Тамашөкөй Мерген агам экөөбүздөн жылмаюу. Давлэээна болуп, нерфффиңерди жукартып, болгон чач - пачыңарды жулмалабай эле "бырс " күлүп койгула! Юморду өстүрөлү! Жакшы нерсе. Өзүңө күлгөндү билсең, андан сонун. Турагойдун какшык варианты”,-деп калтырган Айтбекова.

Көпчүлүк интернет колдонуучулардын кыжырын кайнаткан бул видеого “Эми кыргыздарды тургузуп бүтүп, жаткырмайыңар калдыбы? Атың чыкпаса жер өрттө болуп, ушул силер тажаттыңар?”,-деген сын пикирлерин калтырышууда.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!