Дайыр Исмадияров менен Бегимай Бекбоева үйлөнүштүбү?

Дайыр Исмадияров менен Бегимай Бекбоева үйлөнүштүбү?
7-Авг. 2018, Шейшемби, 11:45

"Ырчы Дайыр Исмадияров менен Бегимай Бекбоева үйлөнүшкөнбү?" деген суроо көпчүлүк интернет колдонуучуларына кызуу талкуу жаратууда. Дайыр Исмадияров өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына Бегимай экөө нике шакегин тагынып чогуу түшкөн сүрөтүн жарыяланган.

Анда ырчы мындай деп жазган: “Достор жакында Бегимай экөөбүздөн дуэт жана жаңы клипти көрө аласыздар. Өзгөчө чыгарма жана жашоодон алынган сценарийге даярданып жүрөбүз. Сиздерге жагат деген ойдомун”,-деп жазды Исмадияров

Интернет колдонуучулар “Эки жашка сүйүү каалашып, экөөңөр куп жарашат экенсиңер. Ырыңыздарды жана клибиңиздерди күтөбүз”,-деген пикирлерин калтырууда.

Айта кетсек, Бегимай Бекбрева айрым маалымат булактарында берген маегинде “Дайыр Исмадияров менен 9 жыл достошуп, 3 жыл таарынышып жүрүп, орозодо жараштык”.-деген билдирүүсүн калтырган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!