Дүйнөнүн эң көп акы төлөнгөн актриса айымы ким?

Дүйнөнүн эң көп акы төлөнгөн актриса айымы ким?
17-Авг. 2018, Жума, 12:03

Америкалык белгилүү Скарлетт Йоханссон 2018-жылдын эң көп акы төлөнгөн актриса айымы деп аталды. Тизмектин жыйынтыгы “Forbes” журналына жарыяланды.

33 жаштагы Скарлет бир жылдын ичинде эле 40,5 миллион доллар тапкан. Экинчи орунда Анджелина Джоли турат. Ал 28 миллион доллар тапкан. Үчүнчү орунда Дженифер Энистон. Анын бир жылдык киреше акысы 19,5 миллион долларды түзгөн.

Ондук топко: Дженнифер Лоуренс, Риз Уизерспун, Кейт Бланшетт, Галь Гадот, Джулия Робертс, Мила Кунис жана Мелисса Маккартнилер кирген.


Жыйынтыктап келгенде он топтогу көп акы алган актриса жана ырчылар биригип 186 миллион долларды түзгөн. Бул көрүнүш мурдагы жылдын жыйынтыгына караганда 16 пайызга көп дегенди билдирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!