Канье Уэст мугалим болот

Канье Уэст мугалим болот
12-Сен. 2018, Шаршемби, 14:04

Белгилүү америкалык артист Чикагонун искусство институтунда иштей тургандыгын маалымдады. Бул тууралуу “life.ru” маалымат булагы билдирет.

Рэп аткаруучу Канье Уэст өзүнүн "Твиттер"деги баракчасына мугалим болорун жазган. Артист Чикагонун искусство институтунда жана Американын искусство академиясында сабак бермекчи.

Желенин колдонуучулары реп аткаруучусунун кандай мугалим болорун элестетип да коюшту.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Чикагонун искусство институту Уэстке доктор искусство таануучу наамын ыйгарышкан. Рэп аткаруучу окууну карьерасы үчүн таштап, жогорку окуу жайын аяктаган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!