Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?

Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
26-Сен. 2018, Шаршемби, 12:07

“Нон стоп” дуэтинин мурдагы ырчысы Чолпон Талипбекова өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасы аркылуу күйөрмандарына “Жакында жакшы жаңы жаңылыгым менен бөлүшөм, ага чейин сиздерге суроо берейин. Эгер өзгөргүңөр келсе, тагыраак айтканда пластикалык операция кылгыңар келсе кандай операция кылат элеңер, кайсы жериңерди өзгөртөт элеңер?” – деген суроо берген.

Мындай суроону уккан күйөрмандары бир азга ызы-чуу болуп, ырчыга эч кандай пластиканын кереги жоктугун, өзү табиятынан эле сулуу экендигин айтышты, "Операция жасатпай эле кой”,-деп пикир жазышууда ырчынын күйөрмандары.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!