Сайкал Садыбакасова жолдошу менен мыйзамдуу түрдө ажырашты

Сайкал Садыбакасова жолдошу менен мыйзамдуу түрдө ажырашты
28-Сен. 2018, Жума, 11:15

"Кыз бурак" тобунун жетекчиси ырчы Сайкал Садыбакасова жолдошу Максат Довранов менен ажырашып кеткени тууралуу кептер тарап жаткан маалым. Түгөйлөр мыйзамдуу түрдө ажырашууга арызын жазып эки ажырым жолго түшкөндөрү чындык болуп чыкты. Түгөйлөр бул чечимди жай мезгилинде эле кабыл алып, сентябрь айынын башында арыз жазышкан.

"Башында өздөрүн өтө бактылуу сезген жаш жубайлар эмнеге ажырашты?" деген пикир көпчүлүккө суроо бойдон калды.

Айта кетсек, учурда ырчы айым Сайкал Садыбакасова борбордо жаңы чыгарманын үстүндө иштөөдө, ал эми жолдошу Максат Ош шаарындагы тойлордо тамадалык милдетти аткарып иштеп жүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!